Жыл жыйынтыкталып баратат. Футбол сүйүүчүлөрүн отун алып, кышка даярдануу маселеси эмес, “быйыл "Алтын топту" ким алат?” деген суроо түйшөлтө баштады. Көпчүлүк бул сыйлыкты Испаниянын жана каталондук “Барселонанын” жарым коргоочусу Андрес Иньестага ыраа көрүшүүдө. Бүгүнкү каарманыбыз жакында эле УЕФАнын версиясы боюнча “Европанын мыкты футболчусу” деп табылып, эми ФИФАнын версиясы боюнча аалам мыктысы аталууга бир кадам жакындады.
Жана да...
"КИМ ЭКЕНИМДИ, КАЙДАН КЕЛГЕНИМДИ ЭСТЕЙМ..."
Иньеста жарды аймакта, жарды бүлөдө төрөлгөн. Ата-энеси кара курсактын айынан кафелерде официант болуп иштешчү. Күйүмдүү уул “Барса” менен профессионалдык келишим түзгөн соң биринчи айлыгына апасына үй алып берип, 40 жашка чыккан атасын официанттык кесиптен “куткарган” (ата-энеси эки бөлөк жашачу). “12 жашымда атам 3 ай чогулткан акчасына мага бутса сатып берген. Ал эч качан эсимден чыкпайт. Азыр колумдагы акчаларды көргөн сайын ким экенимди жана кайдан келгенимди эстейм...”- дейт футболчу. Атасынын 3 айлык түйшүктүү эмгегинин артынан сатылып алынган бутса азыр да сакталуу.
...РОМАНТИК
Романтик футболчу сүйүктүүсү Анна Ортис менен 3 жыл жарандык никеде жашап, быйыл 8-июлда мамилелерин мыйзамдаштырышты. Ортолорунда Валерия аттуу
1 жашар кызы бар. Каарманыбыз болочок жубайын бир кечеде көрүп, анын жөнөкөй жана шайыр мүнөзүн жактырган. Сүйүүсүн билдире албай канчалаган таңды уйкусуз атырганын айтып жүрөт. Анна кино жаатында иш алпарат.
ЭМГЕКЧИЛ...
Андрес – чыныгы эмгекти сүйгөн жигит. Муну анын машыктыруучулары эле эмес, бүгүнкү жетишкендиктери да айтып турат. Ошондой эле Андрес көп убактысын англис тилин үйрөнүүгө жумшап, максатына жеткен жайы бар.
ДОСКО БАЙ
Футбол майданы бир гана таймашууну эмес, ынтымак, достук да алып келет эмеспи. Мунун артында Андрес да эсепсиз дос күткөн. Алардын арасында “Барселона” менен улуттук курамдагы оюнчулар жана машыктыруучулардан тышкары футболго тиешелүү ысымдардан Самуэль Это`О, Серхио Рамос бар.
СЫЙКЫРЧЫ
Командадагы Лионель Месси, Хавилер сыяктуу эле Иньестанын моюнунда да өтө чоң жоопкерчилик бар. Көпчүлүк учурда натыйжалуу пас берип келген Иньеста кээде күтүлбөгөн гол киргизип, жеңишти өз тобуна оодарып кеткен учурлар көп. Ушул себептүү ага Каспер, Өлүм, Сыйкырчы, Кичинекей шайтан деген аттар жабышып келет. Анын футбол ойноо стилин изилдеп, ушул күнгө чейин бир жыйынтыктуу сөз айтууга эч кимдин акылы жетпей келет.
...ААЛАМ МЫКТЫСЫНА ТАЛАПКЕР
УЕФАнын версиясы боюнча Иньеста 2012-жылдын "Европанын мыкты футболчусу" болуп табылды. Бул наам анын Испания курама командасы менен “Барсанын” башында туруп жеткен ийгиликтеринин акыбети болуп калды. Эми 11-январда ФИФАнын версиясы боюнча “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” наамы тапшырылат. Бул наам үчүн каарманыбыз аргентиналык Лионель Месси жана португалиялык Криштиану Роналду менен тирешмекчи. Командалашы Лионель Мессини ээрден оодарууга анын укугу да, мүмкүнчүлүгү да жетиштүү.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg