“ДОСУМ ЖАНА КУМИРИМ”
– Кеч күз. Орусиянын Москва шаарынан абасы таза Ала-Тоону көздөй кайтып келе жаткам. "Учактын ичинде кол телефон колдонууга болбойт" деген белгиге карабай акырын алдым да, музыка уга баштадым. Миллиондогон адамдардын жүрөгүн багынткан тааныш үн кулагыма жаңырат. Дал ушул үнгө, сыйкыр музыкага байланыштуу окуя эсиме түшүп кетти...
Москвага жаңы барганда Адилет аттуу чогуу иштеген жигит мени өз бир тууганындай көрүп, жардамын аяган жок. Экөөбүз бара-бара ынак достордон болуп кеттик. Ал өткөн жашоосу тууралуу көп деле айтчу эмес. Бир билгеним, Адилет Бишкек шаарындагы балдар үйүндө өскөн. Анан Бишкектеги ЖОЖдордун биринде окуган Аида деген сүйлөшкөн кызын айта берчү. Бир жолу:
– Сенин кумириң ким?- деп сурады.
– Майкл Жексон!
Менин ойлонбой туруп айткан жообумду угуп сүйүнүп, көздөрү жайнай түштү. Мага кол телефонундагы Майклдын ырларын, сүрөттөрүн көрсөтүп, оозу жыйылбады. Чынында эле анын ашынган күйөрманы экен. Эмне себептен чачын узун кылып өстүрүп жүргөнүнүн себебин да эми түшүндүм. Бизди музыкага болгон окшош табитибиз жакындаттыбы, айтор, кийин Адилет экөөбүз өзүнчө бир бөлмөлүү батирге чыгып кеттик.
Чыныгы достун кандай экенин эми түшүндүм. Экөөбүз жумуштан чыккандан кийин үйгө жөө басып келчүбүз. Жолду катар мен кыздарга тийишем, Адилет болсо сүйлөшкөн кызы жана Майкл жөнүндө бирдемелерди айта берет. Үйгө келип чай ичебиз да, мен кино көрөм, Адилет Аида менен сүйлөшкөнү интернет-клубга кетет. Бир жолу мага эч кимге көрсөтпөй бапестеп жүргөн Аиданын сүрөтүн көрсөттү. Ак жуумал, сулуу кыз экен.
– Кандай экен?
– Сонун!
Жообумду уккан Адилеттин каректеринде бактылуулуктун учкундары пайда боло түштү.
– Экөөбүз Бишкектеги бир кафеден Майкл Жексондун “You are not alone” деген ырына чогуу бийлеп, ошол жерден таанышканбыз,- деп жылмайып койду.
Адилеттин ошол жылмайганы өмүр бою жүрөгүмдө сакталып каларын ошондо байкасам кана, аттиң! Досумду боорума бир кысып албайт белем!..
“КҮТҮЛБӨГӨН ЖАҢЫЛЫК”
– Жай. Тагыраак айтканда, 2009-жылдын 25-июну эле. Бүл күнү иштебейт болчубуз. Классташ балама жолугуп келмекке көчөгө чыгып кеткем. Шумдуктуу кабарды көчөдөн уктум. Бардык телеканалдардагы жана радиодогу жаңылыктардан белгилүү ырчы Майкл Жексондун каза болгондугун улам-улам кайталап айтып жатышты. Музыка дүйнөсүндөгү эң жарык жылдыздын жалп өчкөнүнө ичим туз куйгандай ачышты. Маанайым чөгө түштү. Бир кезде Адилет телефон чалды. Кичинекей балача бышактап ыйлап алыптыр. Ага жылуу сөздөрдү айтып, соороттум.
Адамдын эмгеги өлгөндөн соң гана бааланат тура. Ар кайсы жерде топтошуп, Майклдын ырын жаңырта коюп алып кошула ырдап же бийлеп, атүгүл ыйлап жатышкан кыз-жигиттерди ошол күнү көп көрдүм. Бирок кечинде үйгө келсем, мындан да кайгылуу окуя күтүп туруптур. Байкуш Адилет өзүн өзү асып салыптыр. Өзүмдү жоготуп, бир чети таң калып, катып калыптырмын. Столдун үстүндө жаткан анын мага жазган катын алып окуп жаттым:
“...Мына, баары бүттү! Самат, мындан ары жашагым келбей калды. Сенден акыркы суранычым, мен даярдап койгон белектерди Бишкекке барганда Аидага сөзсүз бер жана аны сүйөрүмдү айтып кой! I love you, Michael!”
“АМАНАТ”
– Адилеттин кайтыш болгонуна 3 ай болду. Чогуу жашаган балдар эчак эле таттуу уйкуга кетишкен. Бир гана мен караңгы бөлмөдө тээ алыстан угулуп жаткан музыканы тыңшап, өз ойлорум менен алпурушуп, уйкусуз жатам. Акыры бир чечимге келдим. Мен Бишкекке кетишим керек! Досум Адилеттин аманатын аткарам! Ошентип, баарына кол шилтеп, туулуп-өскөн мекенимди көздөй жөнөй бергем...
– Кечиресиз, биз жеттик! Сыпайы стюардесса көздөрүмдү жума ойлонуп келе жаткан мага акырын кайрылды. “Манас” аэропортунан чыга бергенде эле мекенимдин салкын соккон шамалы тосуп алды. 3 жыл алыста жүрүп сагынган экем. Анан ошол замат мени күтүп жаткан Аидага телефон чалдым да, ага колумдагы катты, Адилет тумар кылып сактап келген Аиданын сүрөтүн жана Майкл Жексондун ырлар жыйнагын бердим. Аида томсоруп кала берди. Менин бир нерсе айтууга кудуретим жетпеди. Досумдун аманатын аткарып, дароо бурулуп кете бердим. Мына, баары бүттү! Ашынган фанат деп ушуну айт! Кумири үчүн жанын кыйган кыргызга азыр да ичим ачышат, таңданам...
Самат
Асхат Субанбеков