Өзбекстандын “Панох”,“Согдиана”, “Ажал жолундагы сүйүү” жана башка кинолорунда башкы каармандын ролун жараткан Фаррух Саипов бизде конокто. Чаар топучан, сүйкүмдүү өзбек жигити менен кадимки Жаш гвардия гүлбагында маектештик.
– Ассалоому алейкум, Фаррух.
– Ва-алейкум ассалоом.
– Кыргыз жерине кош келипсиз! Өзбек туугандар кандай?
– Рахмат. Кыргыз эли менен сиздердин гезит аркылуу байланышып, салам айтып жатканыма абдан кубанычтамын. Өзбек эли, кудайга шүгүр, тынч. Жеке өзүмдүн атымдан жана бүткүл өзбек элинен Кыргызстанга салам!
– Кыргызстанга биринчи келишиңизби?
– Ооба. Кыргызстанга барсам деп жүрчү элем. Тагдыр буюруп келип калдым. Жолдо бир аз чек ара маселеси кыйнаганы болбосо, жакшы маанай менен келип турган учурум.
– Бишкекке кандай максат менен келдиңиз? Өзбек эли менен кыргыз элинин окшоштуктары бар бекен?
– Эки элдин окшоштугун байкадым. Айрыкча маданияты жактан окшош экен. Кыргыз эли меймандос, ак көңүл, берешен калк экенине баа бердим. Биздин “Ажал жолундагы сүйүү” тасмабызды сиздердин режиссёрлор кыргызча которушуптур. Көрүп, абдан сүйүндүк. Биргелешип иштешсек, эки элдин эзелтен келаткан достугун дагы чыңдайт элек.
Анан да Бишкектеги бир ресторанга барсак, менюда кыргыз, өзбек, казак кийимдерин кийип түшкөн сүрөттөр бар экен. Аны көрүп, боордош калк экенибизге ынандым. Мага сиздердин бешбармагыңыздар абдан жакты. Жеген сайын жегиңди келтирет экен.
– Биздин тамак жагыптыр, а шаарчы?
– Шаар абдан жакты. Жаз келип жапжашыл болуп турган чак экен. Эки эле күнгө келгенбиз, бирок кыргызда кымча бел, кара көз сулуулар көп турбайбы, кетким келбей калды дебеймби.
– Актёрлук өзүңүздүн кесибиңизби?
– Жок. Кесибим боюнча юристмин. Кино дүйнөсүнө аралашканыма быйыл 7 жыл толот. Университетке тапшырган соң 1-курстан баштап актёрлук жаатта эмгектенип келем. Кинону да, окуумду да алып кеттим. Атайын Америкадан режиссёрлук курсту окуп келгем.
– Кайсы кинолордо роль жараттыңыз?
– Менин алгачкы тартылганым – “Маржона” фильми. Анда лөлү кызды сүйүп калган каармандын ролун аткаргам. Мына ушул кинодон соң актёрлукка баш-отум менен аралашып кеттим. Мындан башка: “Келгин келин”, “Келгин кайнене”, “Сулуулук сыры”, “Келгин күйөөдө” ырчы кыз Лола менен аткаргам. “Согдиана”, “Ашыктар”, Ажал жолундагы сүйүү”, “Фериде”, “Коргоо”(Панох) тасмаларында башкы ролду жараткам.
– Байкашымча, кинолордо сулуу кыздар менен тартылгансыз...
– Сурооңузга түшүндүм. “Ошол кыздардын бирөөсү менен сүйүү дастан болдуңуз беле?” деп сурайын деп жатасыз го.
– Ооба, ушул суроону бергим келди эле. Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
– Мен кинодо кандай роль жаратпайын өзүмө берилген ролду көрөрмандардын жүрөгүнө жеткире ойногонго аракет кылам. Сүйүш керек болсо сүйүп, ыйлачу жеринде ыйлап дегендей. Негизи, кино дүйнөсүнө кирип калгандан кийин андан алыстай албай кыйналасың. Кадимкидей “ооруйсуң”. Ал эми башкы каармандарды ойногон сулуулар менен достук мамиледе гана калам. Сүйлөшкөн кызым жок.
– Кыргыз кызын сүйүп калсаңыз үйлөнөт белеңиз?
– Сүйүп калсам, без проблем үйлөнмөкмүн. Негизи, сиздерде сулуулар көп турбайбы. Көрүп сүйгүм да келип кетти. Дагы 2-3 күн жүрүп, өзүмө кыз караштырсамбы (күлүп).
– Караштырып көрүңүз, балким, табылып калар. Фаррух, үйбүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз...
– Биздин үйбүлө кадимки мусулман үйбүлөсүнөн. Атам – бизнесмен. Апам – үй кожейкеси. Үч биртууганбыз. Иним, карындашым бар. Мен улуусумун. Карындашым турмушка чыккан. Иним учурда окуйт.
– Юлдуз Усманова жөнүндө сурайын дегем...
– Юлдуз Усманова – Өзбекстандагы биринчи орунда турган ырчы. Абдан сыйлайм. Негизи эле чыгармачылыктагы адамдардын баары менен сый мамиледемин. Юлдуз эже азыр гастролдордо жүрсө керек.
– Бишкекке келгенде сизди тааныгандар болдубу?
– Мен бир нерсеге абдан сүйүндүм. “Ош” базарын аралап жүрсөм, келип кол тамга сурашып, “сүрөткө түшүп коёсузбу?!” деген күйөрмандарды көрүп, “мени кайдан тааныйт болду экен?” деп ойлодум. Анан дисктерди эстеп жатпаймынбы. Кинотеатрга барганда да кол чаап кубатташса, кубанып кыргыз элинин маанайы жарык, достукту баалаган эл экенине ыраазы болдум. Анан да элдин кинодогу күлө турган жеринде күлүп, ыйлай турган жеринде ыйлаганы, мени эле эмес, жанымдагы досторумду да кубантты.
Сизге бир өтүнүч менен кайрылсам болобу?!
– Албетте, болот, айтыңыз, Фаррух.
– Сиздердин шоу-бизнесте болобу же чыгармачыл актёрлук чеберчилиги зор, таланттуу сулуу кыздар менен биргеликте кино тартсак жакшы болот эле. Ушуну жеткирип коёсузбу?!
– Макул, тиешелүү адамдарга жеткиргенге аракет кылайын. Сизге ийгиликтерди каалайм. Кыргыз элине жана биздин окурман журтка каалооңуз...
– “Супер-Инфо” гезитинин окурмандарына жана жалпы эле кыргыз туугандарга менден ысык салам. Түбөлүктүү достугубуз чың болсун демекчимин.
Бурул Исмаилова
star@super.kg