Өзү айткандай, апасынын курсагында жаткан кезинен эле сахнада жүргөн Малика азыр чоңоюп, студент болгон. Окуудан тышкары эмне менен алектенип, кандай жүргөнүн билүү үчүн кеңсебизге конокко чакырдык.
– Салам. Алгач эле эл кызыгып жаткан суроого жооп алгым келип турат. Москвага эмнеге кеттиң?
– Москвадан ар кандай сунуштар түштү. Бирок азыр аларды кабыл алсамбы же албасамбы деп ойлонуп жатам. Ойлонууга 20 күнүм бар. Кыйратам, тоону томкоруп жиберем деп айтып коюп, калпычы болуп калбайын деп коркуп жатам. Азырынча сөз бербей турайынчы.
– Сени кайдан табышыптыр?
– Орусияда "АВА" деген моделдик агенттик бар. Алар интернеттен менин “Бишкек периси” сынагында түшкөн сүрөттөрүмдү көрүп жактырышып, чакыртышты. Сүйлөшүү үчүн Москвага бардым. Иштеп калсам, азыркыдай болуп каалаган учурда Кыргызстанга да келе албай калам. Анткени иш графигин көрүп, өзүм да чочуп кеттим.
– "Орусиянын шоу-бизнесинен орун алсамбы" деген сөзүңө да токтоло кетсең...
– Кыңылдап ырдап отурганымды байкап калган адамдар болду. Ырларымды угуп көрүп, алар да келишим сунушташты. Азыр эки тармактын бирин тандашым керек болуп жатат. Баары өзүмө байланыштуу. Жетишсем, моделдик менен ырчылыктын экөөнү тең алып кетсем болот. Ал жакта жылдыз болуу Кыргызстанда жылдыз болууга караганда аябай эле оор. Бизде ыр жаздырып, жакшынакай кийинип сахнага чыгып, акча сарптасаң жылдыз боло аласың. Орусияда болсо талант менен эмгек керек.
– Макул болууга эмне тоскоол болуп жатат?
– "Ушул нерселерге чыдаймынбы, ырдай аламбы, чын эле ырдагым келип жатабы?" деп өзүмө көп суроо берип, чече албай жатам. Балким, оюмду топтоп туруп ал сунушту кабыл алам. Билбейм. Бирок канчалык баргым келбесин, кыргыздар чет жерге кеткен кыздарды бузулган кыз деп ойлошот эмеспи, ошол ой кармап турат. Бирок мен апамдан алысмын, эркинмин деп каалаганымды кылып басып кетпейм. Кайда барсам да байкап турчу адамдар бар.
– "Сахнаны таштайм" деп айтып калчу эмес белең...
– Ооба, ойлогом, кичинекей болгонум үчүн ырга кызыгып жатам, чоңойгондо бул каалоом өтүп кетет деп. Бирок сахнада төрөлүп, сахнада чоңойгондуктанбы же чындап эле чыгармачыл адаммынбы, айтор, андан алыстай албай жатам. Сахна – менин экинчи үйүм.
– Москвада эмне кызыктарга туш болдуң?
– Бир ирет курбу кызым менен тамактанып алалы деп чайханага кирип калдык. Официант кыз кыргыз экен, “улутуңуз ким?” деп сурады. “Кыргыз” десем эле артка бурулуп басып кетти. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Бизди бир толугураак бала тейлеп калды. Кыздын артынан барсам, ыйлап отуруптур. Колуна апамдын жана менин сүрөттөрүмө толгон альбом кармап алган. Көрсө, анын сиңдиси бизди аябай жакшы көрчү экен. Бирок ал кыз ооруп каза болуп калыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп, мен да ыйладым.
– Тиги толук бала эмне болду?
– Ха-ха... Ал бала башында оройлонуп жиниме тийген. Кийин ошол чайханага көп ирет барып калдым. Толук бала башында орой көрүнгөнү менен, аябай жакшы бала экен.
– Орусиянын жылдыздарын көрө алдыңбы?
– Ооба, чогуу отуруп калдык. Аларды көрүп, чыныгы жылдыздар өзүн кантип алып жүрүшөрүн байкадым. Алардын жанында өзүмдү “колхоз” сезип кеттим. Мен, көрсө, аябай жөнөкөй экенмин.
– Модель кыздар менен таанышууга да жетишкен чыгарсың?
– Ушунчалык сулуу кытай, корей кыздары бар экен. Апам экөөбүз тең сулуулукту баалаган адамдарданбыз. Эркекпи, кызбы, сулуу жүздөрдөн рахат алам.
– Сулуулар сынагына катышкан жайың да бар. Сулуулукту кандай түшүнөсүң?
– Ооба, 2011-жылы "Бишкек периси" сынагына катышып, жеңип алганда кыздар арасында көрө албастыктын күчтүү экенине таң калдым. "Апаң Динара Акулова да, баары бир сен жеңесиң" дегендер болгон. Бардык жерден сулуулукту тапса болот. Ал адамга байланыштуу.
– Эркектердин сулуулугуна маани бересиңби?
– Узун бой менен кең далы гана эркектин сулуулугу болуп эсептелбейт. Кээ бир кыздардын “эркектердин жан дүйнөсүн гана баалайм” дегендерине жиним келет. Баарыбыз эле эң башында сырткы келбетке карайбыз да. Сүйлөшкөндөн кийин гана ички дүйнөсүнө аралаша аласың. Мага ыймандуу, кичи пейил жана "пухленький" балдар жагат.
– Болочоктогу жолдошуңду кандай элестетесиң?
– Өзүмө окшош шайыр-шатман, жөнөкөй адамды элестетем. Жолдошумдун костюм-шым кийген "солидный" адам болгонун таптакыр элестете албайм.
– Айылга ала качып кетсе кантесиң?
– Жашоодо ар кандай нерселер болот. Айылга уурдап кетсе, жоолукту бастырып алып жүрө бересиң да. Тагдырдан кача албайсың, көнөсүң. Бирок азыр мага эрте. Эрте тийип, эрте бала кучактап отургум келбейт. Апамдын кичүү кызы болгондуктан, анын үмүт-тилектери мени менен көбүрөөк байланышкан.
– Биринчи жолу сахнага чыккан күн эсиңдеби?
– Ал учурду унута албайм да. Анда уялбай, каалаганымды айткан 5 жаштагы кыз болчумун. Биринчи жолу сахнага чыгарда “коркпойсуңбу?” деп сурашса, “корккондой тозокко кетип бараткан жокмун да” деп жооп бергем. Мен апамдын курсагында кезимден эле сахнадамын. Апам менен атам ырдап жатканда памперс кийип, сүт куюлган бөтөлкө менен сахнадан чуркап өтүп кеткен кездеримди эстеп күлкүм келет.
– Эми студенттик жашоо тууралуу сүйлөшсөк. Кандай башталды?
– Ушул жылы 11-классты аяктап, Юридикалык академиянын студенти болдум. Студент болуп чоңоюп калдым деген сезим жок.
– Группалаштар менен таанышып үлгүрдүңбү?
– Ооба. Биринчи сабакта менин ким экенимди эч ким байкаган эмес. Экинчи сабакта гана мугалим "Акулова Малика-Дина сенсиңби?" десе, аудиториядагы баштардын баары мен жакка бурулуп калды. Анан суроолор жаай баштады. Дайыма мени эч ким тааныбаганын каалачумун...
Перизат Музуратбекова
star@super.kg