КАРЫЛАРДЫ КАЛТЫРБАЙЛЫ КАПАДА

Гезитибиздин негиздөөчүсү, Социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султанов калктын жардамга муктаж чөйрөсүнө ар дайым көңүл бөлүп, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Жылдагыдай эле быйыл да 1-Октябрь – Кадырман карылар күнүн унутта калтырган жок. Министрдин жардамы менен Чүй облусунун Сокулук районундагы карылар жана майыптар үйүнө барып, камдап алган белек-бечкегибизди тапшырып кайттык. Биздин командага, албетте, ырчылар да кошулушкан.

Белек берип эле кош айтышпастан, карылар менен баарлашып, алардын ар кандай тагдырларын уктук...
Гүлжакан Сыдыкбекова:
– Мен Ысык-Көлдүн Ананьево айылынан болом. Бул жакка ден соолугума байланыштуу келип алгам. Карылар үйүнө келеримди бир туугандарыма айткан эмесмин, айтсам каршы болушмак намыстанып. Ар кимдин өз жашоосу бар. Оорулуу адамды кароо кыйын, ошондон улам аларга жүк болбоюн дедим.





Таисия Сараева:
– Карылар үйүнө келгениме 7 жыл болду. Жалгыз уулум бар. Ал 8-классты бүткөндө эле Орусияга кетип калган. Ошондон кийин жалгыз жашап жүрүп, буттарым ооруп оокат кыла албай калдым. Анан аргасыздан бул жакка кайрылдым. Балам кеткени бир жолу келген, андан кийин кат да жазбай калды. Эгер силердин гезиттен мен тууралуу окуп калса, балким, өлүп калганча бир келер. Баламды бир көрүүгө зармын. Жок дегенде телефон чалса, үнүн уксам... Аябай сагындым!


Кыштакбек Ибраимов:
– Биринчи аялым менен ажырашып кеткем. Балдарым жубайымдын колунда. Ошондон улам алар менден алыс болуп калышты. Кийин кайра үйлөнгөм. Анын мурдагы турмушунан эки баласы бар болчу. Алар чоңойгондо эле батышпай калдык. Анан карылар үйүнө баса бердим. Бирок экинчи аялым жакшы киши, менден кабар алып турат. Ошол аялым менен эле жашасам дегенде эки көзүм төрт.

Бахияна Сатылганова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Карыларды калтырбайлы капада
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Kidnessmoon
2012-10-08 14:40:15
Эл журт качан Кыргыз ата энесин каарылар уйуно таштачу эле? Такыр ыймандан жок манкурт болуп баратабыз. Бейиш энелердин таманында. Озунорда каарыйсынар ойлонолучу. Кыргыз калкым ата бабам берген салты сактап ыймандуу бололучу.
+1
Kidnessmoon
2012-10-08 14:43:23
Жылдыздарга Аллах ыраазы болсун, барып конулун алып койгондоруна бат бат барып тургула каарылар эле куну эмес.
0
tynchtuk
2012-10-08 21:12:14
карысы бардын ырысы бар дейт каарыларды унутпайлы
+1
nulan2505
2012-10-09 16:44:55
Ата-Эне ыраазы Аллах ыраазы!!!
0
Ananasky
2012-10-10 16:01:06
Каарыларыбызды ыраазы кылсаныздар сиздерди кудай ыраазы кылсын азаматсыздар . Бейиштин тору ата-эненин
таманында
0
Барби
2012-10-10 17:17:35
Кантип мунайбайсын ушундай карыларды коруп туруп.
0
Барби
2012-10-10 17:21:58
Суперчилер дайыма ушундай соопчулук иштерди коп жазашат. Силердей жаштар коп болсун. Ишинерге ийгилик
0
benka80
2012-10-10 18:48:01
Апалар аталар сиздер бар биз бар аман болунуздар эч кайгырбаныздар сиздерге таазим
0
Nasipa
2012-10-12 11:56:04
КОРУп аябай ызаа болуп ыйладым. Булар жашында балдарым деп жашаган, эми сый, урмат коройун дегенде минтип карылар уйундо отурат.ТОбо кылдым ай!
0
wwwww
2012-10-13 08:10:18
Аллахтын рахматынан алыс болгон адам кейпиндеги айбандар гана ата-энесине жакшылык кылбайт
0
vassabi
2012-10-15 00:56:09
Ата-энени кордосон, карыгында озун кор болосун.
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан