РЕВОЛЮЦИЯ АЛА-ТООЛУКТАРДЫ ЭМНЕГЕ СҮЙҮНТӨТ?

Жакында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда сибирь жарасы менен ооруган малдын өлүгү көмүлгөнүнө карабастан, үйлөр курулуп жатканын айтты. Ал эми ала-тоолуктар Бишкек шаардык мэриясынан жерлерин документтештирип берүүсүн талап кылууну улантышууда.

БАЛЭЭНИН БААРЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БАШТАГАН
Сибирь жарасынан өлгөн мал көмүлгөн жер болжол менен
50 чарчы метр аймакты түзүп, бетон тосмолор менен тосулуптур. Киши бою келген тосмонун ичине бийиктиги 1 метрдей бетон жаткырылган. Кооптуулугу менен эч кимдин иши жоктой. Ал бетондо мектеп окуучулары ойноп жүрсө, кээде эл курут жайып кургатарын да билдик. Айтор, бул жактын тургундарынын турмушу беймарал. Короолорунан суу чыгат, үйлөргө свет коюлган... Болгон көйгөй – үйдүн менчик экенин аныктаган документтин жоктугу.
Бул тыюу салынган жерге мамлекет эч кандай документ бере албайт. “Башка айла жок, журт да которо албайбыз” дешет тургундар. Алардын акыретке чейин болсо да кызыл китептен үмүт үзбөй турган түрүн көрдүк.
Өзүн Майрамбүбү Өмүралиева деп тааныштырган айым менен баарлаштык.
– Айтсаңыз, бул жерге кандайча отурукташып калдыңыздар эле?
– Ала-Тоо жаңы конушу кыдырата үй, көчөлөрдү күткөнүнө аз эле болду. Биз 2004-жылы жер тилкесин алып, үй салып көчүп келгенбиз. Жерди айыл өкмөтү аркылуу алганбыз (Ак-Ордо, Ак-Өргө жана Ала-Тоо – бир айылдык округ). Картасы бар, документ жагынан маселе жаралбайт дешкен. Биз келгенде бул жер ээн эле жатчу. 2006-жылы тосмо коюшуп, сибирь жарасынан өлгөн жандыктардын сөөктөрү коюлганын билдик. Бизди алдап кеткен кишилердин айрымдары өлүп калды, кээ бири абакта отуруп чыкты.

– Мунун айынан кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо керек...
– Анан эмне?! Же паспорт ала албайбыз, же каттоодо жок деп балдарыбызды мектепке кабыл алышпайт. Иштеп акча тапкандар деле аз... Жардам издеп какпаган эшик, аттабаган босого калган жок. Революция болгон сайын сүйүнөбүз, биздин камыбызды ойлогон өкмөт келсе экен деп.

– Ооруп өлгөн мал качан көмүлгөн экен?
– Бул жерге 1941-1942-жылдары сибирь жарасынан өлгөн жылкылар көмүлүптүр. Бирок чын-төгүнү белгисиз, ал жылкылар алгач өрттөлүп, анан көмүлгөн дешет. Негизи, мындай кооптуу аймактан биздин үйлөр 120 метр алыс аралыкта жайгашкан. Андан да жакын жашап, үйлөрүнө документ алгандар бар. Бизге эле эмнеге документ бербей жатышканы түшүнүксүз. Бул жерде бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар болуш керек... Кай бир адамдар 2000 доллар төлөп документ жасатышканы да айтылууда. Тиги жолдун ары жагындагылар деле алышты.

БЕРМЕТ ЖОЛДОШЕВА, Ала-Тоо жаңы конушунун кварталдык башкармасы:
– Биз азыр 17 жылдан бери документсиз жашап жаткан элге жардам берели деп чуркап жүрөбүз. Жагдай мындай улана берсе, документ жок жашоого барабыз. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы болушу керек. Жакында тосмону дагы кеңейтүү тууралуу маселе көтөрүп, өкмөттөн 3 миллион сом бөлдүргөнбүз. Бул жердеги үйлөрдү түрттүрүп салууга өкмөттүн каражаты жетпейт да. Мамлекет ойлонуп, бир тыянак чыгарса деген үмүттөбүз.
Курманбек Мамбетов, КРнын Айыл чарба министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин малдардын саламаттыгын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы:
– Акыркы 8 айдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө сибирь жарасынан жабыркаган малдар көмүлгөн 1235 жер бар. Анын табылганы – 545, тосулганы – 458, бетондолгону – 520. 690у ар кандай курулуш имараттарынын алдында, жер көчкүдө калып, айрымдарын суу алып кетип табылбай калган. Бишкекте жайгашкан 2 жердин тегерегинде үйлөр курулуп жатат. Ал бир учурда жугушу мүмкүн. Сибирь жарасынын козгогучтары канча жылда жок болору тууралуу да так маалыматыбыз жок. Ал жерлерден канча алыстыкта жашаш керектигин айта албайбыз. Ал үчүн андагы үйлөрдүн, тегерегиндеги суулардын жайгашуусун жана орун алган элдин жыштыгын аныктап чыгуу керек.

Максат Кудайбердиев
Ташболот Досалиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сибир жарасынын уюгунан коркпогон Ала-Тоолуктар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tendik
2012-10-14 15:45:40
Бул маселе 1-2 жыл мурда Вечерний Бишкек газетасына да чыккан..Менин билишимче Сибирская язванын палочкалары 500 жылга чеин жашайт..41 жылдары 1 км ден ашык жакындаганга уруксат болбогон дешет. Кийин кийин 500 метрге уруксат берилип азыр уйлор 50-100 метр аралыкта жайгашкан.
Тосулган тосмонун аянты 1 га болбосо да 0,5 га жакын болуш керек..50 чарчы метр дегенди кандай тушунсо болот?? эгер чачры - квадрат болсо анда 0,5 сотых деп коюпсунар да..Бирок 0,5 сотыхтан точно коп аер..

0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан