ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-октябрдан 14-октябрга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Бул аптада иш кагаздары, документтер менен алпурушууңузга туура келет. Бейшембиде пайдалуу таанышуу күтүп алмакчы. Бул жаңы таанышуу ийгилик алып келет, баш тартпаңыз. Ишембиде интригаларга аралашпай, түгөйүңүздү сынап, текшерүүдө абайлаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында ашыкча күч коротуп аткарган эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз. Шаршембиде материалдык байлыкка ээ болуп, кубанасыз. Апта ортосунда бизнес менен алектенгендерге пайдалуу сунуштар түшөт. Дем алыш күндөрү достордун же жакшы санаалаштардын чөйрөсүндө эс аласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө эч кандай чечим кабыл албай, ишти кийинкиге жылдырганыңыз туура. Апта ортосунда көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп, окуянын башкы каарманына айланасыз. Апта соңунда оюңуздагы каалоолорду ишке ашырууда сак болуңуз, болбосо өзүңүзгө душман арттырып алышыңыз толук мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичи майда, бирок пайдалуу бир топ иштерди бүтүрүп, жеңилдейсиз. Бейшембиде бойдоктор түгөйүн табууга жетишет. Апта аягында көптөн бери самаган буюмуңузду алып, үйүңүздү кооздоого жетишесиз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында таасирдүү адамдар менен жолугушуу күтүлүүдө. Шаршембиде маанилүү иштер көбөйүп, убакыт тартыштыгы жаралат, андыктан убакытты туура пайдалануу керек. Жума күнү сунушталган иштен баш тартыңыз, сизге пайдасынан зыяны көп болот. Жекшембиде жагымдуу сюрприздерге тушугасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Айдын аягында акча тартыштыгы жаралбасын десеңиз, бул апта аны жөнү жок коротуудан качыңыз. Бейшембиде ишиңизге көмөкчү болом деген адамдар чыгат. Алар, тескерисинче, тоскоолдук жаратпайбы, байкаштырып көрүңүз. Апта соңунда жакын мамиледеги адамыңыз менен пикир келишпей, эки башка жолго түшүп кетүү коркунучу бар.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө пайда алып келүүчү сунуш түшөт, колдон чыгарбаңыз. Апта ортосунда дары-дармек колдонууда абайлоо керек, жабыркап калуу коркунучу бар. Жума күнү азгырыктуу сүйүүдөн улам бейтааныш адамдар же үйдөгүлөр менен пикир келишпестик жаралашы күтүлүүдө. Жекшембиде эс алуучу жайлардын бирине баш багып, достор менен чер жазасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада бейтааныш адамдардын чөйрөсүнө аралашпаңыз, болбосо чыккан чыр ишиңизге тоскоол болуп, алагды кылат. Шаршемби – сүйүүңүздү же баш кошуу сунушун киргизүүгө ийгиликтүү күн. Ишембиде майда иштерге көңүл бурбай койсоңуз, кийинки аптада алар көп убактыңызды алат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чыгармачыл адамдарга жана соода тармагындагыларга ийгилик алып келүүчү апта. Шейшембиде чырдуу окуяга туш болушуңуз мүмкүн. Бирок ага аралашпооңуз керек. Шаршембиде кошумча иш чыкса баш тартпаңыз, капчыкты кампайтууга жакшы булак болмокчу. Жума күнү жаңы таанышуулар күтүп турат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта башында жамаатта пикир келишпестиктер уруш-талашка алып келиши мүмкүн. Андыктан эмоцияга алдыруудан сак болуңуз. Жума күнгө белгиленген иш сизге жакшы жыйынтык алып келбейт, аны кийинкиге жылдырганыңыз туура.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада сизди кимдир бирөө өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылат. Алданып калуудан сак болуңуз. Бейшемби – кооптуу күн. Жол жүрүүдө шашпай, эрежелерди туура сактаңыз. Жекшембиде көптөн бери ала албай жүргөн аласаңызды алып, көңүлүңүз жай алат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Шейшембиде тобокелчиликке сала турган иштер чыгат. Коркпой, болгон күчүңүздү жумшасаңыз, жакшы жыйынтык берет. Апта ортосунда үй-бүлөлүүлөр пикир келишпестиктерге жол бербегени оң. Ишембиде көптөн бери ойлоп жүргөн кыялды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан