Өлкөбүздө жападан жалгыз Жапайы жаныбарларды коргоо борбору Каракол шаарында жайгашкандыгы жалпыга маалым. Жакында эле Казакстандын зоопаркынан жаныбарлардын 16 түрү, жалпысынан 60 жапайы жаныбар алынып келинди. Адистер жапайы жаныбарларды дагы кан алмаштырып, аргындаштырып туруу зарылдыгы бар экендигин белгилешет. Алыстан келген жаныбарлардын катарын япон макакасы да толуктайт. Маймылдын Каракол зоопаркына алынып келиниши тарыхта алгачкы ирет. Адистердин маалыматына таянсак, бул породадагы маймылдар ысык-суукка чыдамдуу келишет. Келечекте зоопаркка жолборстун келиши күтүлүүдө. Ал үчүн эл аралык деңгээлдеги зоопарктардын катарына кошулуу керек. Жапайы жаныбарларды коргоо борборунун директору Салтанат Сейитованын "учурда зоопаркта эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн жаныбарлар жетиштүү болду. Бир гана алыскы-жакынкы мамлекеттердеги зоопарктардын көрсөтмөсү керек. Ошол барак колго тиери менен жолборс да алынып келинет" дейт.