Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – Көл боюнча даңазалуу жогорку окуу жайы. Бирок кийинки мезгилде аталган окуу жайда чыр-чатактар көп болууда. Чуулгандуу чыр кайдан чыкты? Ошону териштирип көрдүк.
Садыров Мурат Тентиевич, доцент:
– Мен 11 жылга жакын филология, педагогика жана журналистика факультетинин деканы болуп эмгектендим. Кийинки учурда ректор Абдылдаев Курманбек Кыянович көптөгөн доцент, профессорлорду себепсиз жумуштан четтетип, өзүнүн жакындарын жумушка тартып жатат. Мындан улам мен дагы 1 жыл мурун декандыкты өткөрүп бергем. Азыркы күндө университеттин жүргүзүп жаткан иштерин текшерүүдөн өткөрүү үчүн атайын комиссияга кабарлап, аларды күтүп жатабыз.
Ажыбеков Чыныбек Абдраевич, ага окутуучу:
– Мен бир жыл мурун ректордун куугунтуктоосунан жумуштан кетүүгө аргасыз болдум. Окуу процессинде бир топ туура эмес, акылга сыйбаган маселелер орун алууда. Мисалы, дене тарбия кафедрасын химия, биология адистигин даярдаган факультеттин курамына, менеджмент кафедрасы экономика багытында экендигине карабай тарых факультетине, университетте уникалдуу адистиктер болгон көркөм сүрөт искусствосу, дизайнер кафедраларын кыргыз филологиясынын курамына кошуп жатат.
Ректордун кызы эл аралык байланыштар бөлүмүндө адис, күйөө баласы – жеке айдоочусу. Университетке тиешелүү жатакананын коменданты жана проректордун баласы жай мезгилинде бир айлык мөөнөт менен Кытайга барып келишти. Эми жатакананын коменданты, чарба иштери боюнча башчынын Кытайда жасай турган эмне жумушу бар экенин таба албай келем. Учурда маселе Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун көзөмөлүндө турат.
Айтылган ойлорду уккан соң акыйкатчы Турсунбек Акун кайсы тараптын оюн колдоого алар экен деп байланыштык.
Турсунбек Акун, акыйкатчы:
– Бул маселе боюнча Ысык-Көлдөн профессор, академиктер келишкен. Алар болгондо да Көлдөн чыккан акелердин неберелери болушат экен. Жөнөкөй адамдар эмес экендигин түшүнүп, алардын жалган сүйлөбөсүнө көзүм жетет. Ректордун кылып жатканы – чоң маселе, чатак иш. Бул боюнча президент А.Атамбаевге айтып, кат жөнөтөм.
Эми чырдын башы болгон, жогоруда сөз болуп жаткан ЫМУнун ректору Абдылдаев Курманбек Кыяновичке багыт алдым.
– Саламатсызбы, агай? Сиздин дарегиңизге көптөгөн сындар айтылууда...
– Саламатчылык. Биздин кесиптештердин арасында тоголок кат жазмакей мугалимдер, эл бузарлар бар. Менин билишимче, буларга кызмат орундары керек. Биз тарапка каршы чыккан адамдарды түп-тамырынан бери жоёлу деп чечтик.
– "Мугалимдерди себепсиз кызматынан бошотту" деп жатышат…
– Жок, ал кептер таптакыр туура эмес. Ар кимдин кылган ишине жараша мамиле кылабыз. Мисалы, Чыныбек Абдраевич өткөн жылы себепсиз ишке 2 ай келбей койгон. Биз дагы өзүнө жараша чара көрүп, иштен четтеттик.
– Кафедралар жоюлуп же башка кафедранын курамына кирип жатыптыр, максаты эмнеде?
– Ооба, айрым кафедраларды студенттердин саны аз болгондугуна байланыштуу жабууга аргасыз болдук. Мисалы, ошол эле журналистика кафедрасында бир тайпада болгону 5-10 студент болгондугунан филология адистигине кошуп окутуудабыз.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg