КАДАМЖАЙДАН ЧЫККАН НОКАУТЧУ

Кыргыздын намысын коргоп, желегибизди дүйнөнүн төрт бурчунда желбиретип жүргөн жердешибиз Алтынбек Бактыбаев дагы бир жолу өлкөбүздүн намысына жарады. Жакында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн тайбокс боюнча Дүйнө биринчилигинде коло байгеге ээ болду.

БАКТЫБАЕВ АЛТЫНБЕК УЛУКБЕКОВИЧ
Туулган жылы – 1982-жыл, 19-июль.
Туулган жери – Кадамжай ра­йо­ну, Кызыл-Булак айылы.
Бою – 164 см.
Салмагы – 51 кг.
Жетишкендиктери – Тайбокс боюнча КРнын 14 жана Азиянын 3 жолку чемпиону. Дүйнөнүн вице-чемпиону.
Лакап аты – Таиланддык.
Хоббиси – Спорттук машиналарды катуу ылдамдыкта айдоо.
Билими – Кубань мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүр­гөн (Орусия).

МАКСАТТУУ ЖЕҢИШ
КРнын кикбокс жана тайбокс боюнча спорт чебери, эл аралык класстагы спорт чебери Алтынбек Бактыбаев 1982-жылы 19-июлда Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл округунун Кызыл-Булак айылында туулуп-өскөн.
Кичинесинен эле максаттуу жигит Алтынбек 17 жашында борборду көздөй жөнөйт. Атактуу мушкерлерди тарбиялап чыгарган Александр Воинов жетектеген «Гермес-профи» спорт клубуна барып, тандоодон өтүп, кабыл алынат.
1999-жылы тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна катышып, 3-орунду ээлеп, чоң спорттогу тушоосун кескен. Ошондон тарта тайбокс менен машыгып, таймаштарга активдүү катышып келет. Талыкпаган эмгектин арты менен тайбокс боюнча Казакстандын 4, Кыргызстандын 14, Азиянын 3 жолку чемпиону жана Дүйнө биринчилигинин күмүш (2011) жана коло (2012) медалынын ээси болгон.

ДАГЫ ДЕЛЕ КОЛДОО ЖОК
Алтынбектин ушул даражага жетишине машыктыруучусу Маралбек Давлеткулов себепчи болду. Дүйнөнүн 38 мамлекетинде таймаш өткөргөн жердешибиз бир катар эл аралык мелдештерде өлкөбүздүн намысын коргоп жүрөт.
Былтыр Ташкентте өткөн тайбокс боюнча Дүйнө биринчилигинде 2-орунду ээлеп, вице-чемпион аталды. Алтынбек тайбокстон тышкары кикбокстун К1 түрү боюнча да мелдештерде күчүн сынап келет. Баарын кошкондо 214 беттешке катышып, 196 жолу жеңишке жетишкен. Анын ичинен 53 жолу нокаут менен жеңген. Буга чейинки бардык мелдештерге өз каражаты менен барып жүргөн. Куржунунда 52 алтын, 5 күмүш, 3 коло медалы бар. Алтынбек тууралуу кеп козгоп, бир өкүнүчтүү жагдайды айтып кетпесек болбос.
Каарманыбыз кыргыз жаран болгону менен башка өлкөнүн сунушун кабыл алганга аргасыз экенин айтат.
“Чынын айтсам, бизде колдоо начар. Эгер ушинтип улана берсе, башка өлкөнүн сунушун кабыл алууга аргасыз болом. Быйылкы Дүйнө чемпиондугуна барууга жардам берген райондун акими А.Акимовго, Көтөрмө айыл округунун башчысы М.Токторовго терең ыраазычылык билдирем”,- дейт Алтынбек.
Өз кезегибизде биз да Алтынбекти куттуктап, өрүкзарлуу Баткендин жана жалпы Кыргызстандын атын алыска чыгарып жүрө бер демекчибиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
shanushka
2012-10-08 21:11:48
Azamatsiz iygilik kaalaym! jerdeshim turbaybi!
0
rashmoll
2012-10-09 00:06:19
Аззамат
0
ainura220888
2012-10-09 03:42:46
молодец
0
Ibrahim
2012-10-09 09:38:33
tak derjat bratan kmd rulit
0
kenen
2012-10-10 09:25:20
Менини жердешимго молодец.
0
Chynagul
2012-10-12 00:11:02
voi bul mn jerdeshim go, molodes...
0
rayflowerkg
2012-10-23 14:51:03
daa KDM rulit! Molodets!!!
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан