Гезитибиздин №516-санында Кадамжайда кассирдин өлүмү менен коштолгон тоноочулук жөнүндө жазганбыз. Каза тапкан кассир Бозулан Примовдун энеси кылмышка шектүүлөр өз жазасын албай кетүү коркунучу туулуп жатканын айтып кабатырланган эле.
Жакында айыпталуучу Исак Салаев өзүн өзү өлтүрмөкчү болуп (венасын тиштеп салып), ооруканага жатып чыгыптыр. Бул тууралуу Кадамжай РИИБине кайрылганыбызда, сот бүтмөйүнчө комментарий берилбей турганын айтышты. Ошол эле учурда маалыматты төгүнгө чыгарышкан жок.
Ал эми маркумдун атасы Эркин Примов “соттун акыркы отуруму эмки аптада болот” деп билдирди.