22-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында футбол боюнча Баткен облусунун губернаторунун Кубогу жыйынтыкталды. 2 күн ичинде 8 команда (Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун ардагерлери жана Караван айыл өкмөтү) 2 тайпага бөлүнүп, жашыл майсаң үстүндө кызуу таймаш жүрдү.
Өз тайпасында жеңип чыккан Кызыл-Кыя шаарынын, Баткен районунун командалары финалда чемпиондук үчүн ат салышты. Бир нече жылдан бери түштүк аймагынын 1-Лигасында ойногон футболчулардан куралган үй ээлери жеңишти сактап калышты. Эсеп 4:0. Ушул эле эсеп 3-орун үчүн өткөн мелдеште да катталып, Караван айыл өкмөтү кадамжайлык атаандаштарын алып түштү. Сыйлыктарга токтолсок, чемпиондор кубокко кошо 20 миң сом, 2-орундун ээлери 10 миң сом, 3-орунга илингендер 6 миң сомго ээ болушту. Кошумчалай кетсек, Кызыл-Кыянын ардагерлеринин командасынын оюнчусу, 63 жаштагы Табакал Кошбеков майданда топ тээп, мелдешке көрк кошту.