Өткөн сандарыбызда Баткен музыкалык театры Башкортостандын Уфа шаарында түрк тилдүү элдердин «Тууганлык» театралдык фестивалына ийгиликтүү катышып келгени тууралуу жазганбыз. 14 өлкө катышкан майрамда мекендештерибиз I даражадагы диплом менен сыйланышкан. 1-октябрда ал жактан келген актёрдук курам Баткен шаарында журналисттер менен фестиваль тууралуу ой бөлүшүштү.
Театрдын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыков: «Уфалыктар театрды жогору баалашат экен. Көрүүчүлөр менен театр сынчылары бизди «театралдык жогорку билими жок, айылдан чыккан таланттардан куралган театр болсоңор да, Эл артисти деген наамы бар актёрлордой эле аткардыңар» деп баалашты»,- деп кубанычын жашырган жок.