Баткен облусунда кеңсебиз ачылгандан бери аймактын тургундарынан түрдүү мүнөздөгү каттар келип, түркүн бул маселе боюнча кайрылуулар көп болуп жатат.
Бул ирет Баткен шаарынын Келечек кварталынын жашоочуларынын көйгөйүнө орун берүүнү туура көрдүк.
“Биздин кварталга маршрутка каттатып коюшса жакшы болот эле. Балдарыбыз мектептерге бир нече чакырым жөө барып окушат. Кыш келе жатат, суукта аябай кыйналышат. Экинчи маселе – Тажикстанга товар ташыган жүк ташуучу унаалар. Күнү-түнү ондогон тонна жүк ташыган чоң КамАЗдар үйлөрүбүздүн жанынан өтүшөт. Жолдор эле эмес, жаңы курулган үйлөрүбүз да бузулуп жатат. Шаардык бийлик өкүлдөрү ушул маселелерди чечип беришсе болбойбу?..” деп айтылат билдирүүдө.
Рысбек Меражов
Базарбек Абдураимов
batken@super.kg