САМАНКАНАНЫ ӨРТ АЛДЫ ДЕСЕ...

Өткөн аптада эл арасында «Жа­лал-Абад шаарынын аты өзгөр­тү­лөт» деген кабар желдей тарады. Бул жаңылык облуста дээрлик бардык маалымат булактары аркылуу жарыяланып, ал тургай кызуу талкууга алынган болчу.
Мындай кабар калк арасында таңданууну жаратса, шаардын «Жалал-Абад» деген атынын келип чыгуу тарыхын аңтарып жибергендер да болду.
Шаардын аты өзбек улутундагы Жалал (балким, Жолол, Жололлиддин) деген адамдын ысымынан коюлганы тууралуу имиштер да айтылды. Кээ бирлер «тарыхы далайды чапчыган шаардын атын өзгөртүүнүн кажети жок» дешсе, кээ бири «бул демилге туура» деп жактап чыгышты. Ар жердин өз тарыхы бар. Жаратылышына карап же болбосо элге кадыры сиңген адамдардын ысымынын урматына коюлган жерлерибиз аз эмес.
«Жалал-Абаддын келип чыгышына өзбек улутундагы адамдын таасири жок» дешет тарыхчылар. Башка бир маалымат боюнча, «14-кылымдын орто ченинде жашап өткөн Хорезмдин шахы Мухаммеддин уулу Жалал ад-Диндин ысымынан коюлган» делсе, «18-кылымда Кокон хандыгынын тушунда жашап өткөн Жалал ид-Дин деген дарыгердин ысымына байланыштуу» деген да божомолдор бар. Негизинен, «жалал» деген сөз фарсы тилинен которгондо «даңктуу», «сөөлөттүү», ал эми «абад» – «жашыл», «жашылданган», «көрктөнгөн» дегенди билдирет.
Бир заматта кызуу талкууга себеп болгон жаңылык тууралуу сурамакчы болуп, ушул демилгенин ээси делген Сузак райондук Кеңешинин төрагасы Бекболот Ибрагимовго кайрылдык.
– Жалал-Абад шаарынын аты өзгөрбөйт. Бул тууралуу сөз да, демилге да болгон эмес. Биздин райондук Кеңештин кезектеги сессиясы болгонго чейин туура эмес маалымат тарап кеткен. Бул демилге Сузак району менен Жалал-Абад шаарын бириктирип аймак түзүү реформасынан улам сунушталган демилге болчу.
Мамлекеттик программада тээ Акаевдин маалынан бери жазылып келе жаткан кээ бир район-шаарларды кошуп аймак түзүү реформасы бар. Мына ошонун негизинде Сузак району менен Жалал-Абад шаарын бириктирип аймак түзүү демилгесин көтөрүп чыккан элем. Эгер ошол демилге ишке ашса, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосунан өтүп, ошол кошулган аймак Көк-Арт деп аталып, анын борбору Жалал-Абад шаары болмок. Үч нерсеге таянуу менен бул демилге депутаттардын сынына коюлган эле:
1. Жалал-Абад шаарынын өнүгүп-өсүшү жайлап калгандыктан;
2. Сузак районунун эли Жалал-Абад шаарынын экономикасына чоң таасирин тийгизчү район болгондуктан;
3. Экономикалык өнүгүүнү жогорулатуу максатында.
Сузак району менен шаардын экономикалык деңгээли бирдей. Административдик бирдик башка болгону менен, экономикалык, социалдык жактан тыгыз байланышы бар. Сузак районунун 60 миңге жакын калкы ар күнү шаардын борборуна келип түрдүү багытта алектенип, шаардын бюджетин толтурушууда. Эгер Сузак району менен шаар бириксе, экономикалык өнүгүү дагы да жогорулап, үнөмдөө болмок, мүмкүнчүлүктөр кеңеймек. Ошондо шаар жоюлбайт, башкаруу бийлиги, мэрия, шаардык Кеңеш өз ордунда кала берет. Аймактык Кеңеш түзүлсө гана кеңештер кошулушу ыктымал.
Ушул жылдын 27-сентябрында райондук Кеңештин кезектеги 29-сессиясында бул сунуш депутаттардын сынына коюлду. Депутаттар көпчүлүк добуш менен сунушту колдоп, токтом кабыл алынды. Административдик, территориалдык реформа башталса, Сузак району (балким, Тогуз-Торо району да кошулушу мүмкүн) жана Жалал-Абад шаары бириктирилип, Көк-Арт аймагы деп аталат. Бул Жогорку Кеңеште, өкмөттө каралчу нерсе.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
AFRODITA-89
2012-10-08 11:39:50
Жалал-Абад менин гулум, Жалал-Абад сенин гулун, Кок-Арт ошолордун гулу! Алмаштырбай эле койсо болмок.
0
buduz-80
2012-10-08 13:06:25
Жалалатта башка проблема жокпу,буга канча акча кетет экен эсептешпейби,атын озгортуп койсо Жалалаттын экономикасы осуп кетеби,ушундай кереги жок маселени которуп кереги барбы?
0
Ханбийке
2012-10-09 02:50:48
buduz-80, макаланы дагы бир жолу окуп чыксаныз?
0
meder_9003
2012-10-08 22:16:55
"Кочкората" деп коюп алгыла!!!
+1
ainura220888
2012-10-09 03:24:45
meder_9003, ообада биздин кочкоратаны анан кок арт аймагынын борбору кылып койсун э
0
admin_AGAT
2012-10-11 09:14:13
banks - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан