Ноокен райондук Ички иштер башкармалыгынын имаратынан жоголгон курал, 7,62 миллиметр калибрдеги Калашников автоматы таштанды төгүлүүчү жайдан 28-сентябрь күнү табылды.
Жалал-Абад ОИИБинин жооптуу катчысы Аида Зулпукарова: «2012-жылдын 28-сентябрь күнү Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жашыруун номер менен белгисиз бир адам чалып, «таштанды төгүлүүчү жайда бир нерсе жатат» деп кабарлаган. Учурда табылган куралга баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары башталды»,- деп билдирди.