«АК-БУУРА ТУРГАНДА СУУ МАСЕЛЕСИ БОЛБОШУ КЕРЕК»

Жаз, күз мезгилинде жаандын көп жаашы менен шаарга таза суу берүү токтотула баштайт. Мунун себебин адистер суу түтүктөрүнүн эскирип, жаан жааганда суу булганып кетери менен түшүндүрүшөт. «Быйылкы күздү да Ак-Буурадан суу ташып, тундуруп ичүү менен өткөрөбүзбү?» деген суроо туулат.
Ош шаарындагы суу түтүктөрү 1952-жылы орнотула баштап,  1975-80-жылдары бүткөн. Алгачкы суу түтүктөрү эскирип, жарактан чыгып калган. Ош шаардык «Сууканал» ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөровдун айтуусунда, суу түтүгүнүн чоң көлөмдөгү 1000-600 миңдик линиялары иштөөгө жарамдуу, ал эми майда линияларды алмаштыруу керек. Шаарда техникалык абалы начар 500дөн ашуун суу түтүгүндө күнү-түнү суу агып турат. Шаарга суу берүүчү 16 станция бар. Алар аркылуу күнүнө 130-140 миң м3 суу калкка берилсе, жарактан чыгып калган колонкалардын айынан ал суунун 15 пайызы пайдасыз жерге сиңип кетет. Булардан сырткары жаан жааган учурда шаарга суу берүү токтотулат же крандан булганган суу агып калат.

Аталган маселе тууралуу маалымат алуу үчүн Ош шаардык «Сууканал» ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөровго кайрылдык.
– Ылайланган сууну фильтрлеп турууга болбойбу? 
– Жаан жаап, ылай, сел келгенде фильтрди басып калат. Мисалы, суу станциябыз аз өлчөмдөгү эле сууну  тазалай алса, бизге ылай болуп келген суулар андан ашып кетип жатат. Фильтр жетишинче тазалап беребиз, тазалай албай калганда гана сууну токтотууга туура келет. 

– Эмне себептен суу токтоп калууда?
– Күздө суу токтобойт, жазда табигый себептерге байланыштуу токтотууга туура келет. Себеби жердин табына кар эриген сайын коктулардагы булганыч суулар агып, Ак-Буураны ылайлантат. Быйылкы жазда «Папан» суу сактагычына көчкү түшүп, суу бир топ күн тунбай калды. Ошондо шаарга суу берүүнү токтотууга аргасыз болгонбуз. Шаардыктар бир топ күн суусуз калган. Күз айында жаан жааганы менен, жазындагыдай суу булганбайт. Буюрса, алдыдагы күндөрдө суу токтобойт. Кудайга шүгүр, сууга бай жерде жашайбыз. Калаанын ортосунан Ак-Буура агып жатканда суу маселеси болбошу керек.

– Бирок ошол суу кеңири шаарыбызда эле маселе келип чыгып жатпайбы...
 – Суу станциялары алгач курулуп баштаганда 200-300 миң адамга ылайыкталып курулган. Барган сайын тургундардын саны көбөйүп, учурда 500 миң адам жашайт. Анын баарына суу жеткирүү көйгөйү туулуп жатат. Шаарга суу жиберүүчү 2 түтүкчө бар, эми дагы бир түтүкчө  куруп алсак, суу маселесинен толугу менен кутулуп, шаардыктарды суу менен камсыз кылмакпыз.«Азия өнүктүрүү банкына» долбоор жазылып, ал ушул октябрь айынын аягында бүтүү алдында турат. Кийинки жылы бул көйгөйдөн толугу менен кутулабыз деген ниеттебиз.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан