Кара-Суу районунун 100 жаштагы тургуну Х.Кабулова жана Араван районунун 94 жаштагы тургуну М.Гариева 1-Октябрь – Карылар күнүнө карата КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата ЖОЖдор жана шаардык ишканалар ортосунда 1-октябрда баскетбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ОшТУнун курама командасы 1-орунга ээ болду.
Ош ОИИБинин медицина кызматкерлери милиция кызматында иштеп кеткен ардагерлердин үйүнө барып бекер медициналык кызмат көрсөтүп, дары-дармектер менен камсыз кылышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.