Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылындагы Садык Алайчы атындагы орто мектеп толугу менен оңдолуп, 3-октябрда колдонууга берилди. Жаңыртылган мектептин ачылыш аземине облустук бийликтин атайын өкүлү Сооронбай Жээнбеков, ЖКнын депутаты Жылдызкан Жолдошева, Билим берүү жана илим министринин орун басары З.Каденова жана айыл тургундары катышты.
“Бийликтегилер окуучулардын татыктуу билим алышына шарт түзүп бериши керек. Жаш муундардын келечеги алган билимдеринин сапатына жараша болот”,- деди Сооронбай Жээнбеков. Эскерте кетсек, бул мектепти баштан-аяк оңдоп-түзөөгө өлкөнүн казынасынан 60 миллион сом бөлүнгөн