ӨМҮР КУНУ 700 СОМБУ?

Адам өмүрү кыйылды. Болгондо да кечээ эле өзү менен бир дасторкондо даам сызып, бир үйдө жашап жүргөн адамдын өмүрүн кыйды. Буга бир гана караңгы түн күбө болду. Түн жамына качкан караан баары бир жазадан качып кутула албады.

Шаарды эңсөө

Биз сөз кылар кандуу окуя 12-март күнү түн ортосунда болуп өткөн Жумабек уулу Кубат кылмыш иши боюнча кармалып отурат.
Айылдагы жаштардын көпчүлүгү шаардагы жашоону тим эле жомоктогудай элестетишет эмеспи. Анын сыңарындай, Кубат да шаарга барууну максат кылып жүрдү. Негизи эле жашынан шок Кубаттын жүрүм-турумуна карап, жакындары аны эрте эле үйлөндүргөнгө ашыгышкан болчу. «Балким, аял алса токтолуп кетеби» деп ойлошкон. Бирок жаштар алардын үмүтүн актап жашап кете алышпады. Уруш-талашы курчугандан курчуй берди. Жашоосун кантип жөндөп кетишерин билбеген алар бири-бирин күнөөлөө менен алек болушту. Жаш колукту акыры мамилелеринин аягына чекит коюп, Бишкекти көздөй жөнөп берди.
Албетте, артынан баруу керек. Анын үстүнө, кыялданып жүргөн шаарга барып, жаңы турмуш-жашоону ойлогон Кубат көп кечеңдетпей аялынын артынан жөнөдү. Бирок шаарда адамдын канына забын болуп, темир торго түшүп каларын эч ким билбеген эле.

Турук алуу

Ошентип, Бишкек шаарына келген Кубат алгач аябай кыйналды. Кыргыздар мындай учурда туугандарынан жардам издешет эмеспи. Кубат да алысыраак тууганы Акылбекти жолуктуруп калды. Ал-жай сурашкан соң Кубат жашаганга жери жок болуп кыйналып жүргөнүн айтты. Акылбек “Дордой” базарында иштээрин жана базарга жакын жерде батирде турарын билдирди. Көктөн тилегени жерден табылган Кубат чогуу жашоого макул болуп, экөө бир бөлмөдө туруп калышты. Акылбек алгачкы күндөрү «Кубат жумуш таап алса, кийин ижарага акча төлөшөт» деп үмүт кылып жүргөн. Күндөр өтүп, Кубат жумуш таап, бирок үйгө эч нерсе алып келбегени үчүн Акылбек ачык эле жаман көрө баштады. “Замандын түрү бул. Сен мага жүгүңдү артып алдың го, досум”,- деп астыртан айтып да көрдү. Бирок Кубат укса да укмаксанга салып койду.

Караңгы түндөгү кырсык

Ошол каргашалуу күнү Бекболоттун өзүнөн-өзү кабагы бүркөлүп жүргөнүн айтышты байкагандар. Шаарга келерин келип, бирок ордун таба албаган Бекболот эми уурулук менен жан багууну чечти. Биринчи эле курмандыкка Акылбек илинди.
Үйдө эч ким жоктугунан пайдаланган Кубат ошол күнү бир нерсени уурдап барып сатып жиберүүнү ойлоду. Ал акчага андан ары айылына – Майлы-Сууга кетерин пландап койгондуктан, Акылбектен корккон жок. Бирок эмнени сатуу керек? Ушул учурда телевизор көзүнө уруна калды. Ошол замат табылгасын көтөрүп Кубат үйдөн чыгып кетти.
Телевизорго кардар тез эле табылды. Өз баасынан арзан кылып “Дордойдо” соода кылып отурган аялга телевизорду 700 сомго сатты да, жөнөп кетти. Кулиев көчөсүндө машина күтүп туруп калган Кубат артынан Акылбектин келип каларын күткөн эмес эле. Үйүнө бир нерсени унутуп кайра келген Акылбек телевизордун жок экенин көргөн. Эшик сынбагандыктан, дароо Кубаттын колунан келгенин билди. Ошол замат таанышы Абдумажит аттуу баланы ээрчитип чыгып, такси менен Кулиев көчөсүнө келген. Болжолдогондой эле Кубат кетүүгө камынып мында турган экен. Күтүлбөгөн жерден Акылбекти көргөндө эмне кыларын билбей калды.
– Даамдын кусуру урсун! Канчадан бери ак нанымды жеп, үйүмдө жашап жүрүп...- деди ачуусуна уугуп кеткен Акылбек.
– Мен эмес... мен эмес...
Канчалык танган менен болбосун сезген Кубат акыры мойнуна алды. Телевизорду кимге сатканын айтып, кечирим сурады ал. Кеч кирип кеткенине байланыштуу телевизорду эртеси алмай болушту. Элдешкендерин жуумак болгон экөө дүкөнгө кирип арак алышты. Көпкө сүйлөшүп отурушуп, ортодон кайра чыр чыгып кетти. Ичиндеги арактын күчү менен, анын үстүнө, ызаланган Кубат Акылбекти болушунча, алынын жетишинче уруп кирди. Бир кезде колуна муштумдай таш урунду. Мына сага! Колундагы таш менен уруп калды. Ушуну менен ызасын, жинин чыгарчудай болуп ура берди. Ура берди... Алдында жаткан адамдын деми угулбай калганча урду.
Эси оогондо өлүктү нары жактагы аңга ыргытып жиберип, башын мыкчып отуруп калды. “Качуу керек!”- деди оюнда. Ошол замат өлүктүн чөнтөктөрүн тинтип жиберди. Акылбектин чөнтөгүндө бир аз тыйын бар экен. Аны алган Кубат бет келди чуркап жөнөдү. Максаты – бул кырсык баскан жерден эртерээк кетүү.

ххх

«Кылмышка шектүү Жумабек уулу Кубат 1991-жылы Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарчасында туулган. Үйбүлөлүү, мурда соттолгон эмес» деген билдирүү келип түшкөндөн кийин Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери тез эле кылмышкердин изине түшүштү. Өлүмгө күнөөлүү Кубат экенине эч кимдин шеги жок болучу. Ал Ош–Бишкек жолунда кетип бара жаткан жеринен кармалды. Шаарга багыт алган кыска сапар темир торго түшүү менен аяктаарын учурунда билди бекен?..

(Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү)

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан