Башталышы – 19:40 (40 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 100 сом
Көрүүчүлөр – Нарын драма театрынын 95 пайызы (1-октябрь күнү)
Алып баруучу – “Тамашоунун” “Саяктар” командасынан Шаймерден
Мыкты номер – Дайырдын “Атакем” аттуу ыры
Дайыр Исмадияровдун концертине эл көп келди. Нарында көптөн бери концерт боло элекпи же Дайырдын чыныгы күйөрмандары Нарындабы, айтор, “айт-уйт” деген кыйкырык-ышкырыктар көп болду. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү жаш кыздар экен. Айдин Шер сахнаны сагынып калган бейм, секире бийлеп, ырдап берди. Конок катары келет деген, элдин баары күтүп жүргөн Иса Өмүркүловду көрө алган жокмун. “Иса келем деп коюп, көп концерттерге келбейт” деп күбүрөнгөндөр да болду.
Көпчүлүк ырчылар Нарынга келгенде сахнанын көркүн көз жаздымдан калтырышат. Ал эми Дайырдын катуу даярданганы сахна жасалгасынан эле көрүнүп турду. Баса, элдин маңдайындагы слайддан сүрөттөрү көрсөтүлүп жатты эле, бир маалда Дайырдын бир сулууну кучагына алган сүрөтү көрүнбөспү. Сүйүктүүсүн нарындыктарга биринчи көрсөтөйүн дегенби же байкабай көрсөтүп алдыбы, ушунусу бизге кызык болду. “Жар-жар” деп ырдаган ырчы жаштарды үйлөнтүп, элге чачыла чачып, той да өткөрүп жиберди. Концерт ортолоп калганда Дайыр элди аралап жүрүп алты кызды алып чыгып, эки топко бөлүп, жаңылмач да айттырды. Аңгыча бир жигит чыгып “эми өзүңүз айтсаңыз” дегенде Дайыр жаңылмач айта албай, кыйналды.
Дайырдын “Атакем” аттуу ыры жакшы баага таатыды. Чимириле бийлеген бийчилер концертти көркүнө чыгарышты. Ырчыны Айдин Шер, Нурмат Садыров, Асел Касымова, “Камбаркан” бийчилер тобу жана “Саяктар” командасынан Шаймерден коштоду. Кыскасы, концертке “4” деген баа койдум.