2-октябрда Нарын облустук прокуратурасы жана көз карандысыз коомдук уюмдар биргеликте убактылуу кармоочу жайларда жана СИЗОлордо текшерүү иштерин жүргүзүштү. Бул иш-чарага КРнын Акыйкатчысынын жана Нарын облустук ЕККУнун атайын өкүлдөрү катышты. Текшерүүнүн негизги максаты абактагы адамдарды кордоого жол бербөө, адам укугун коргоо, жаштар арасындагы суициддин алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эле. Иш-чаранын уюштуруучулары мындай адам укугун жана эркиндигин коргоо үчүн түшүндүрүү иштерин мындан ары да өткөрүп турарын айтышты.