Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан браконьер кармалды. Нарын облусунун Ат-Башы районунан Б.И. аттуу адамдын унаасын текшерүү учурунда 200дөй ок-дары жана мыйзамсыз атылган Тянь-Шань суурунун 352 даана териси табылган. Маалыматка ылайык, экологияга тийгизген зыяндын болжолдуу суммасы 230 миң сомду түзөт. Жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.