2-октябрда Нарын районунун Эмгекчил айыл округунда “Мыкты айыл өкмөтү” жана “Мыкты мектеп” кароо-сынагынын жыйынтыкталды. Ага КРнын Биринчи вице-премьер-министри Камила Талиева катышты. Анда кышка даярдык, билим берүү, элди ишке тартуу, чакан ишканаларды ачуу, эл аралык уюмдар менен иштеп, ар тараптуу долбоорлорду айылга тартуу сыяктуу маселелер каралды.