“Жар-жар” ыры үйлөнүү үлпөт тойлорунун гимни сыяктуу жаңырат. Ушундай ак тилектүү ырлары менен Талас элинин жүрөгүнөн орун тапкан ырчылардын бири Айсалкын Эсенбекова бүгүн төрүбүздө конокто.
– Айсалкын, сени эл баарынан мурун “Жар-жар” ырдоочу ырчы катары тааныйт. Бул ырды кандайча ырдап калгансың?
– Мындан 2 жыл мурун үйлөнүү үлпөт тойго барып калсак, той ээлери “кимиңер “Жар-жарды” ырдап киргизесиңер?” десе, бири-бирибизди карап калчу элек. Анда алар “эч нерсе билбейбиз, кимиңер болсо да эптеп ырдап, келин-күйөөнү залга киргизгиле” деп шаштыбызды алышчу. Ошондон улам «Жар-жарды» сөзсүз ырдаш керек экен деп бул ырдын музыкасын кайрадан жаздырып, ырдай баштагам. Бул ырды ырдаар алдында ичимден 2 жашка жакшы тилек кылып, анан ырдайм.
– Жеке ырчы болбой, топ түзүүнү ойлогонсуңбу?
– Ойлогом, бирок топ үчүн көп мээнет, убакыт керек. А менде анча убакыт жок. Үй-жай, бала-бакыра бар дегендей. Андыктан жеке эле ырдап жүрөм.
– Балдарың да ырдайбы?
– Улуу балам Бекэлдияр 18 жашта. Ал өзү үчүн эле ырдабаса, эл алдында ырдабайт. Кичүүсү Эрамир 12де, ушул баламдын үнү жакшы. Ырдайт, 5 жашынан “Манас” айтат.
– Балдарың тууралуу сөз кылып, жолдошуң тууралуу айтпадың?
– Ал экөөбүз жакшы эле жашап, 3 балалуу болгондо, тагдыр экен, кайтыш болуп кетти. Кийин кенже уулум да анын артынан кетти.
– Арты кайрылуу болсун. Жолдошуң мурун ырдатчу беле же...
– Ырдаганга уруксат берчү эмес. Бирок анын көзү өткөн соң ичимден абдан бук болуп, үйдөн кичинеден ырдап калчумун. Курбуларым, кайненем да “минтип үйдө камалып ырдабай, эл алдына чыгып ырдай берчи” деп жүрүп, эл алдына чыгарышты.
– Студияда Салима Балтаева, Нуриса Абазова менен окуган деп уккан элем...
– Ооба, Чырмаш Төрөбеков да биз менен чогуу окуган. Кийин алар Улуттук консерваторияда окуп калышты, мен турмушка чыгып кеттим.
– Алар менен катташып турасыңбы?
– Катышам. Назира Жетигенова экөөбүз классташпыз. Кыскасы, Салима, Нуриса, Назми, Сапар, Назира жана Алина Жетигенова, Кубаныч Сатаев, Ынак Осмоналиев менен барып-келишип турабыз, гастролдорго чогуу чыгабыз.
– Алар менен чогуу гастролдосоң, түркүн кызыктарды баштан өткөрсөңөр керек?
– Бир ирет Алина, Назира, Эрлан Шүкүрбеков жана башкалар болуп Жамбылга казактардын тоюна барып келе жатканбыз. Жолдо бир постко токтоп калдык. Мен машинаны кайрып коёюн десем, туура эмес буруп алган экем, машина жолдун четиндеги аңга карай кулап баратат. Бизге бир топ балдар жакын турган эле. Алар дарбып чуркап, тиягынан-биягынан тирей калып кулатпай алып калышты. Ошондо Алина эженин корккону ошончолук, “Акаев эле, Акаев...” деп, биздеги дагы бир эже уяттуу сөз айтып чочуп, кыйкырып жүрүшөт. Муну угуп, баягы балдар күлкүдөн кыйрап калышты.
– Жеке концертиңди бергенсиңби?
– Буюрса, ноябрда Талас шаарында өткөргөнү турам.
– Анда чыгармачылыгыңда ийгилик болсун!
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg