Садыр Жапаровдун “Кумтөр” боюнча өткөргөн митинги журналисттерди кошкондо 400гө чукул гана адамды чогулта алды. Ал Ак үйдү басып алууга чакырык, аракет менен коштолуп, 13 адамдын жабыр тартуусу, 3 депутатка каршы кылмыш иши козголуп, 2 суткага камакка алынуусу менен аяктады.
КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Коомчулук түшүнбөй турат. Журт башы болом деген максаты, амбициясы бар Камчыбек Ташиевге Ак үйдүн дарбазасын ашып түшүүгө эмне түрткү болду? “Кабинетиме, иш ордума кирмекчи болдум. Мени киргизишпегенинен дарбазаны ашып түштүм” деген жообу көпчүлүктү канааттандырган жок. Мындай жооп укук коргоо органдарын да канааттандырбасы турган иш.
Учурда депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовго Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү кулатууга ачык чакырык), 295-28-беренелер (Бийликти күч колдонуу менен басып алууга аракет) боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан камакка алынды.
Камчыбек Ташиев “Ак үйдү басып алууга акыбыз жок. Элдин өлкө башчыларына талап коюп, аны ишке ашырууну талап кылууга укугу бар. Тынч митингге башчылардын баары чакырылган. Бирок эч бири келбегендиктен, Ак үйдү көздөй барды” деп билдиргенге жетишти. Бирок бул митингди уюштуруучулардын Ак үйдү жана аймактардагы администрацияларды басып алууга чакырыктары камераларга тартылып, диктофондорго жазылып калды. Эми “Ак үйгө бастырып кирүүгө чакырык таштаган жокпуз” деп тана алышпайт.
Садыр Жапаров “туугандарыңарга, жакындарыңарга чалгыла, милиция да келсин, биз Ак үйгө кирип депутаттардын, президент менен премьердин кабинеттерине отурушубуз керек. Ким даяр болсо, мени колдогула” деген чакырык таштаса, Камчыбек Ташиев жан сакчылары жана митингчи-коштоочулар менен барып Ак үйдүн темир тосмосун ашып түштү. Митингчилер темир тосмого жабыла чыга башташканда милиция кызматы көздү жашытуучу түтүн чыгара турган шашка жардырып, митингчилерди таратышты. Милиция кызматы жакшы даярдык көргөнү көрүнүп турду. Митингде 13 адам жабыркап, врачтардын көмөгүнө муктаж болду. Алардын арасында Камчыбек Ташиев да бар. Ал бутуна ок тийгендигин жарыялаган. Кийинчерээк санына операция жасалгандыгын дарыгерлер тастыктап, ок жаракаты тууралуу ооз ачышпады.
ЖАПАРОВ 2009-ЖЫЛЫ КАЙДА ЭЛЕ?
Көңүлгө алчу жагдай, Садыр Жапаровдун убадасы толук аткарылбагандыгында болду. Депутат “Кумтөр” жана кыргыз мамлекетинин башчыларынын бул ишканага байланыштуу өтө чоң былык иштерин айтып, сенсациялуу фактыларды чыгармакчы болгон эле. Андай болбоду. Садыр Жапаров буга чейин айтып келген маалыматтар менен гана чектелип, чогулган көпчүлүктүн көңүлүн башка нукка, Ак үйгө бастырып кирүүгө буруп жиберди. Элди дүрбөлөңгө түшүрүп, Ак үйгө кирип тополоң салууга жана бул иштердин фонунда элдин жалындуу коргоочусу катары көрүнүп, өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин “саясий куугунтук” катары көрсөтүүгө аракет кылгандай элес калтырды. Садыр Жапаров үчүн “Кумтөр” бул максатын ишке ашырууда курал болуп берди.
Эске салсак, буга чейин “кылмыштуу жол менен алынган Бакиевдердин мүлкүн сатып алган, алдамчылыкка аралашкан” деген айыптар менен эл өкүлүнө каршы кылмыш иши козголгон эле. Дагы бир суроо көпчүлүктүн көңүлүн кытыгылап турат. Учурда Садыр Жапаров өзгөртүүнү сунуштап жаткан канадалык компания менен кыргыз тараптын “Кумтөр” боюнча келишими 2009-жылы түзүлгөн. Ошол кезде Садыр Жапаров Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болчу. Ал келишим түзүлүп жатканда эмне үчүн унчукпаган?..
Кыска мөөнөткө эмгек өргүүгө чыгып, Түркияга кеткен ажо кайтып келе тургандыгын кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. “Учурда Кыргызстандагы жаңы саясий систем кандай гана орчундуу, чырлуу маселе болбосун, ЖКда, өкмөттө коомчулуктун катышуусу менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аны эл түшүнүп жетти. Жазында, кечээ Бишкекте өткөн митингдерди уюштуруучуларды элдин кызуу колдобогондугу буга мисал”,- деди ал.
БАРЫКТАБАСОВДУН ТАГДЫРЫН КАЙТАЛАШАБЫ?
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Урмат Барыктабасовдун тагдырын кайталашабы? Баш прокурор Аида Салянова "бул беренелер боюнча айыпталган жарандар 12ден 20 жылга чейин эркинен ажыратыларын" билдирди. Ошондой эле аталган беренелер боюнча айыпталган депутаттарды тергөөгө алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга ЖКнын макулдугу деле керектелбесин айтты.
4-октябрда Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевди колдоо иретинде 1000дей адам катышкан митинг болуп, Ош-Бишкек жолун тосушту. Митингчилер үч депутатты бошотууну талап кылышууда.