Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаев Казакстан бизден сүт алуусун токтотконун кабарлады. Анын айтымында, буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Тез арада бул маселени биздин пайдага чечпесе, сүтүн сата албай калган карапайым калк нааразычылык акциясына чыгышы мүмкүн.
“Биздин өлкөдөн Казакстанга сүт жана сүт азыктарын ташып чыгаруу боюнча макулдашууга араң жетиштик эле. Эми кайра кол жуудук, буга биздин ветеринардык кызматтагылар жоопкер. Анткени Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан эпизоотикалык абал жөнүндө маалымат ала албай койгондуктан, сүттү ташып кирүүгө тыюу салды. Мындай маалыматты тийиштүү мекемелер убагында берип койгондо, көйгөй жаралбайт болчу”,- дейт эл өкүлү.
Кыргызстанда саясий кырдаал курчуганда эле казактар чек арасын жаап салмайы бар. Балким, маселе ветеринарларда эмес, коңшулардын өзүндө чыгар? А балким, Өмүрбек Бабановдун отставкага кетиши менен байланыштуудур? Анткени Кыргызстандан казак аймагына сүт алып кирүү демилгеси Бабанов өкмөт башында турган учурда ишке ашкан.