АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНДЫМ...

Жылуу төшөктө апасынын кучагындагы наристе... Апанын кудуреттүү кучагына эмне тең келет?.. Баланын биринчи көзүн ачканда көргөн адамы да, тили чыкканда айткан сөзү да «апа» эмеспи. Анда апалар жөнүндө баллада назарыңыздарда.

Ырыскелди Осмонкулов:

«Менин апакем...»

Алтын апакемдин аты Сүйүнбала. Ар дайым апакем деп эстейм. Дилимде анын ар бир кыймылы, ар бир жылуу көз карашы сакталуу. Бардык эле энелердей апам да теңдешкис мээримдүү жан эле. Эми ал кезде апалар, аталар үйдө көп болчу эмес. Кара жанын карч уруп эле иштей беришчү. Ошол замандагы адамдардын эмгекчилдигине таң калам. Таң азандан туруп алып апам кызылчага кетет. Анан келип кайра тарсылдатып үй оокатын кылып, тамагын жасап, күйөөсүн тосуп алып, балдарынын окуусун текшерип, айтор, бардык жумушка жетишер эле.
Үйбүлөдө 10 биртууганбыз. 3 эркек, 7 кыз. Мен апамдын эң кичүүсү, анан аябай эрке баласы болчумун. Апам кызылчага кеткенде мен эжелеримдин багуусунда калчумун. Алар бардыгын оюмдагыдай кылса да, кечке апам качан келет деп сагынып кетер элем. Анан жумуштан келе жатканда алдынан тосуп чуркап чыкчумун. Кийин кетменди кармаганга жарап калганда, мен дагы кызылчага апама жардам бергенге барчумун. Апам байкуш мени уктасын деп ойлойбу, айтор, ойготпой кетип калчу. Ойгонорум менен апам жок экенин көргөнүмдө ордумдан ыргып туруп, артынан жөнөп кетчүмүн. Кызыгы, апама жардам берип атам деген ойдон улам өзүмдү аябай чоң жигиттей сезип кетер элем. Апамдын жанында жатканды аябай жакшы көрчүмүн. 1-2-класска чейин коюнунда жатып жүрдүм.

Апакемдин мүнөзү...

Апамдын мүнөзү ачык-айрым, анан аябай шаңдуу эле. Той-тамашанын көркү болчу. Кээде мени конокко ээрчитип алчу. Ошондо апамдын ырдаганына сыймыктанып калар элем. “Элдин апалары ырдабайт. Менин апам ырдайт” деген балалык мактаныч бар эле. Көрсө, менин таятамдын улуту казак болгон тура. Казак эли адатта аябай шайыр, анан ырчы келишет эмеспи. Менин ырдап калганым дагы тайларым жактан болсо керек деп ойлоп калам.

Колунан көөрү төгүлгөн уз...

Апам кийиз, шырдак, төшөк, жер төшөктөрдү түрдөп жасачу. Азыр да ошолорду боёкко салып, аларга кандай оюуларды бастырып жатканы көз алдымда. Үйбүлө мүчөлөрү баарыбыз кийиз тепкилеп берчүбүз. Анан тим эле калың барпайган төшөктөрдү жасачу. Оронуп жатсаң тим эле ырахат аласың. Өкүнгөнүм апамдын ошол буюмдарынан азыраагы эле сакталып калды.

Апамдын каламасы...

Апамдын каламасы өмүр бою эсимде калат. Оттун табына кактап жасап берчү эле. Катыратып жесең ушундай сонун!
Азыр классташтарым менен жолугуп калсам алар да апамдын тамактарын эстеп калышат. Жоро-жолдош менен келип калсам бат эле тамагын даяр кыла салчу. Анан калса апам жөнөкөй тамактарды деле укмуштуудай даамдуу кылып жасачу.Картошканы да кыпкызыл кылып кууруп, палоону сонун кылып басып берер эле. Азыркылардын тили менен айтканда апам “супер кожейке” болчу.

Түшүмдө...

Апам каза болгонуна көп болду. Бирок эмнегедир түшүмө көп кирбейт. Угушума караганда арбактар түшкө кирбесе, демек, тукумуна ыраазы болгону экен. Баса, бир жолу түшүмө кирген. Кызыгы, таптаза, аппак көйнөк кийип алыптыр. Тим эле жапжаш, анан сулуу кези экен.

Атамдын үйүндө балам жашайт

Кыргыздарда үй кичүү эркек балага калат деп айтышат эмеспи. Азыр менин апам менен атам жашаган үйдө уулум Адил жашайт. Оңдоп, ремонттоп туруп киргизип койгом. Атай, Каныкей деген неберелерим бар. Ар ишемби, жекшемби сайын барып турабыз. Кетип баратып мордон чыккан түтүндү карап улуу адамдар “түтүн булатар тукумуң болсун” деп бекер айтышпаган тура деп ойлонуп кетем.


Шайыр Касымалиева:

“Апам назик жан”

Ар бир адамга эле өзүнүн апасы өзгөчө көрүнсө керек. Апам Гүлнара да менин көзүмө адамдан башкача мээримдүү сезилет. Ата-энем мен 11-12 жашымда эле ажырашып кетишкен. Атам Зарлык Касымалиев дагы таланттуу актёр. Апам дагы өз заманында аты чыккан актриса эле. Иним экөөбүздү апам жалгыз багып чоңойтту. “Эки баламды канаттууга кактырбайм, тумшуктууга чокутпайм” деп экинчи жолу турмушка чыккан жок.
Апамдын дагы бир курмандыгы биз үчүн актрисалыкты таштаганы болду. Колун караган эки бала болсо актриса болуу оңой эмес да. Эсимде апам бир учурда үч же төрт жумушта иштер эле. Ошондо да бизге кабагын бүркөп же катуу үн чыгарган жан эмес. Деги эле апамдын бир адам менен катуу урушканын көргөн эмесмин. Апама өзүм окшогонум менен мүнөзүбүз окшобосо керек деп ойлойм. Апам өтө назик, бирөөнүн көңүлүн калтырбаган жан. Таң калганым ушунчалык назик жандын темирдей бекем эрк менен эркектикиндей кайратка ээ экендиги. Ушундай менин алтын апам...

Үчөөбүз жыргап жылгаяк тээп...

Театрда иш аябай кеч бүтөт эмеспи. Апам жумушка кеткенде иним экөөбүз үйлөрдү жыйнап, кирлерди жууп, тамагыбызды жасап коюп кечинде апамды тоскону театрга барар элек. Анан үчөөбүз тим эле жыргап сүйлөшүп же болбосо жылгаяк тээп үйгө келчүбүз. Апам да бизге кошулуп алып жаш баладай ойноп кетчү. Негизи эле биз аябай эркин өстүк. Кичине чоңоюп калганда ар кандай кечелерге суранам. Апам мени аябай тиктеп туруп “ойлонуп көрчү, сага ошол нерсе аябай керекпи?” дечү. Туура келбеген нерсени кылып койгонубузду бакырайып карап койгону менен билдирчү.

Күндөлүгүм...

Кичинемден күндөлүк жазган адатым бар. Ошол кездеги күндөлүк­төрүмдү окуп, кийин аябай таңкалдым. Ошол тилектеримдин көпчүлүгү аткарылыптыр. Анан да күндөлүгүмө “Кудай, менин апам дүйнөдөгү эң жакшы апа. Ал бактылуу болушу керек. Апамды бактылуу кыла турган күйөө берип койчу” деп жазган экем. Аткарылбаган бир гана тилегим апамдын турмушка чыкпагандыгы. Менимче, өзүндө андай каалоо болбоду көрүнөт.

Аяныч...

Апамды иним экөөбүз аябай аячу элек. Колубузга тийген акчаларыбызды чогултуп туруп апамдын маянасына кошуп, базарга кийим алганы кетчүбүз. Анан иним Бакыт экөөбүз сүйлөшүп алып апам көрсөткөн кийимдерди калп эле жактырбамыш этип, апама жарашкан кийимдерди көргөзө берчүбүз. Апам болсо “өңү жаккан жок. Мага жарашпайт” дей берчү. Көрсө, апам өзү эмес, бизди кийинсин дечү экен.

Белектер...

Актриса болом десем апам каршы болду. Апамдын көңүлүн кыялбай мединститутка тапшырмай болдум. Ал кезде иштеп, анан стажы менен окууга киришчү. Мен лаборант болуп иштеп жүрүп биринчи жолу айлык алдым. Эсимде 75 рубль болчу. Апама берсем ушунчалык сүйүнгөн. Апама берген биринчи белегим ушул эле.
... Апам экөөбүз тең азыр театрда иштейбиз. Ойлонуп көрсөм Москвага окууга кеткен төрт жыл эле апамдан бөлөк жашаган экем.
... Апама азыр деле эркелейм. Ооруп калсам чуркап барып эт алып келип, шорпо жасап кирет. Мен ого бетер тайрактап “апа, муну жейм, тигини жейм” деп калам.
... Апам менин сынчым. Ар дайым сахнада ойноп жатканда карап турат. Кийин “бул жерин мындай ойнодуң. Тигинде бир кыймылды унутуп калдың” деп эскертет. Ойноп жатканда апамдын көз карашын далым менен сезип турам.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан