АКШнын Коргоо министрлиги "Манас" аэропортунда бийиктиги 36 метрге жеткен аэронавигациялык мунара куруу үчүн 30 миллион доллар бөлгөн эле. Буга байланыштуу КСДП фракциясынын депутаты Олег Домшенко “аэропортто курулуп жаткан аэронавигациялык мунараны бар же жок кылыш керек” дейт. Анткени "заманбап, эл аралык талаптарга ылайык 36 метрлик мунара курулат" деп иш башталганы менен, учурда 25 метрлик мунара тургузулууда. Ал эми 24 метрлик мунара буга чейин эле бар болчу, демек, окшош мунара куруунун зарылчылыгы жок. ЖКнын тиешелүү комитети июнь айында “мунаранын курулушу токтотулсун” деп чечим чыгарганына карабай курулуш улантыла берген. Курулуштун баасы да өтө кымбат экенин айтат эл өкүлү.
Мунаранын чуусун биринчи болуп “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан. Бул иш Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда башталып, куруу тендерин түркиялык “Серка” компаниясы утуп чыккан. Ал кезде Бабановго “түрк ишкеринен кымбат баалуу аргымак белекке алып, мунараны куруу укугун ошол түрк фирмасына кымбат баага баалап алып берген” деген айыптарды жабышкан.
"Биз грант үчүн ыраазычылык билдиребиз, бирок пайдасы жок гранттын өлкөгө кереги барбы? Эмне үчүн америкалыктардын акчасын шамалга сапырып жатабыз?",- деп Домшенко суроо салат.