Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин башчысы А.Тажибаев менен Соттор кеңешинин окуу борборунун өкүлү А.Шайхидинов 6 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул акча октябрь айында өтүүчү судьялык кызмат үчүн боло турган тестирлөөнүн жыйынтыктарын өзгөртүү үчүн берилип жаткан.
Аты аталган экөө 29-сентябрь күнү тестирлөөнүн электрондук вариантын иштеп чыккан фирманын өкүлүнө аталган сумманы берип жатканда кармалышкан. Учурда аталган эки жаранга кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Калыстыктын символу болгон сотторду тандоо да ушундай жасалма жолдор менен жүрүп жатканы жакаңды карматат.