Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Ак-Суу" санаториясынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн “Ашар-Жалпы иш” фонду тарабынан кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, анда 470 миң сомго чукул каражат топтолду.
Бишкек шаардык Кеңешине шайлоого катышуу үчүн 15 партия катталды. Бул тууралуу БШКнын өкүлү Жаркын Бапанова билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү Кеңешке шайлоолорго бюллетендерин даярдоо үчүн тендер жарыялады.
Мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго байланышкан соттук отурум 10-октябрь күнү уланмай болду.
КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болду.
2-октябрь күнү Меккеге ажылык зыяратка баруучулардын биринчи бөлүгү учуп кетти.
Сабырбек Молдокулов КРнын Эсептөө палатасынын төрагалык кызматынан бошотулду.
2012-жылдын 6 айында Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча 390 факт катталгандыгын Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
1-октябрда Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш-аракеттерине нааразы болгон бир катар журналисттер митинг уюштурушту.
ТИМдин Тышкы миграция департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Т.К. 750 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.
Жалал-Абад облусунда эмдөөдөн улам өлгөн койлордун саны 30-сентябрга карата 2064кө жетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.