Бегиш:«КЫЗДАРГА ТҮНКҮ СААТ ҮЧТӨ ЧАЛАМ»

Менин жанымда сөздү орду менен сүйлөгөн, оор басырыктуу, кара тору жигит отурду. Ал – учурда жаштардын купулуна толгон ырларды жазып популярдуулукка жеткен рэп ырчысы Бегиш.

Толук аты-жөнү – Бегалы Белекбаев
Туулган жылы – 1992-жыл, 2-январь
Жердиги – Алай району
Бою – 170 см
Салмагы – 62 кг
Жылдызы – Текечер
Билими – Юридикалык академияда 4-курста окуйт

– Кандайсың, Бегиш? Мына барам, ана баратам деп эле көпкө күттүрдүң да...
– Жакшы, рахмат. 19 жылдан бери үйдө жалгыз уул болуп, былтыр апам карындаштуу кылган. Ата-энем бир жакка кетсе, дайыма мен карындашымды карап калам. Бул ирет да ошол себеп менен чыга алган жокмун.

– Рэп ырчы катары жаштар арасында атың тез таанылды. Ырдасам деген тилек качан пайда болду эле?
– 2009-жылга чейин майрамдарда колледжде эстрадалык ырларды ырдап жүрчүмүн. Бир жолу жаш режиссёр Мирлан Саткымбаевден аппаратура алып, балдар менен студия ачып, ыр жаздырып иштеп калдык. Ал жакка көбүнчө рэп ырчылары келгендиктен, ошолордон таасирленип отуруп эле кызыгып кеттим.

– Ырларыңдын баарында жашооңдун үзүмдөрү камтылса керек. Мисалы, "кечир мени, эгер чалсам түнкү саат үчтө..." деген саптары аркылуу популярдуу болгон “Жалгызым” аттуу ырыңда...
– Баары менин жашоомдон алынган десем туура болбой калат. Илхам келгенде ойлонуп, ар кимдин турмушунан алып, фантазияны иштетип жазам. Ал эми “Жалгызым” деген ыр жашоомдон алынган. Бардык эле жигиттерде болсо керек, түнкү саат 3тө кыздарга чалган. Менде да кыздарга түндө чалып, тынчын алган күндөр болот. Ыр мага жаккан бир кызга арналган, аты ким экенин айтпай эле коёюнчу...

– Сенин ырларыңды пародия кылып ырдагандар болууда. Аларга көз карашың кандай?
– Мага баары бир. Аларга мен эч нерсе деп айта албайм.

– 7-апрелге карата жазылган патриоттук ырың тууралуу айтып берсең?
– Анын текстин алгач өзүм жазып, кийин Көчө акыны (Баястан) менен ырдап чыкмак болуп, ал да кошумчасын кошту. Ошол кезде жаңы студия ачып жатканбыз. Ал жакта сыналгы, терезе деген жок эле. Эртең менен кирген бойдон кечки 8дерде чыктык. Көк-Жар жакта болсок да, чыксак аянттан тарс-турс деген добуштар угулуп жатты. Кийин үйгө келгенде гана окуяны билдик. Мен өз көзүм менен көргөн эмесмин, бирок интернет, сыналгы аркылуу көрүп, таасирленип жазгам.

– Ырларың жаштарга ылайык эмеспи. Ата-энең угабы ырларыңды?
– Биринчи жолу жазган ырымды угузсам, өзгөчө көңүл бөлүшкөн эмес. Былтыр эле айттым окшойт ырдаганымды. Угушпайт деле кызыгып.

– Рэперлерди "эки сөздүн башын бириктирсе эле болду, эч кыйынчылыгы жок" дешет. Чынбы?
– Рэп чыгарыш оңой, ар ким эле чыгара алат. Бирок анын сапаты кандай болот? Сөздөрүнүн түзүлүшү бар. Чыныгы рэпти түшүнгөн адам билет, кимдин кандай ырдап жатканын.

– Эстрада ырчылары менен байланышың барбы?
– Бул чөйрөгө эки жылдан бери аралаша баштадым. Омар менен мурун кошуна жашап, жакшы сүйлөшчүбүз, бирок кийин ал көчүп кетти. Андан соң биз да көчтүк, бирок кайра эле Омарга коңшу болуп калыптырбыз. Азыр мурункудай сүйлөшпөсөк да, көргөн жерде сый мамиледебиз. Кээде ырчылардан сунуш түшүп калат, дуэт ырдайлы деген. Бирок мен рэп менен эстраданы аралаштыргым келбейт.

– Той-кечелерге чакыруу болуп турабы?
– Болот, албетте. Бирок продюсерим Мирлан Саткымбаев менен сүйлөшүп алганбыз, тааныштар эле болбосо, тойлордо ырдабайбыз деп. Бизге көбүнчө клубдарда ырдаган жагат.

– Тата Улан бет кап менен, Добр калпак менен чыгат, сенде да өзүңө тиешелүү стиль барбы?
– Биз Көчө акыны экөөбүз эл астына, клип, видеолорго көз айнек менен чыгабыз.

– Жеке өзүң жөнүндө кеп уласак. Балалык кезиң кайда өткөн?
– Мен 1992-жылы Алайдын Таш-Короо деген айылында туулуп, 1999-жылга чейин ошол айылда чоӊойгом. Андан кийин 2007-жылы Балыкчыга барып аябай таң калгам. Түз эле жерге отурукташып, айыл кылып жашай беришет экен да деп. Анткени биздин айыл тоонун курчоосунда болчу. Анан да кышында тоодон лыжа тээп ойночубуз. Аныбыз да азыркы сатылып жаткан лыжа эмес, өзүбүз темирден жасап алар элек.

– Алгачкы оюнчугуңду эсиңдеби?
– Кандай оюнчук болбосун жерге уруп, талкалап салмайым бар эле. Ошондуктан атам "бул баары бир сындырат" деп темирден жасалган танк сатып бергени эсимде. Аны деле жерге ургулап жатып сындырсам керек, ошол эсимде калыптыр.

– Жалгыз бала болуп чоңойсоң, тентек болсоң керек, ээ?
– Ушул суроону мага көп беришет. Жалгыз бала болсом да, эрке болуп өспөдүм. Ата-энем жумуштан келгенче үй жыйнап, идиш жууп, 7-классымда өзүм камыр жууруп, нан жапчумун. Бир жолу камыр жууруп жаткан кезде досум келип калды. Эшикти тыкылдатат, "кире бер" десем кирип келип, мени көрүп таң калган.
Апам катуу кармачу да. 7-класска чейин жалаң "5ке" окуп, мектептен “сачковать этүү” деген түшүнүк жок болчу. 8-класстан тарта чоңойдум окшойт, достор пайда болду, компьютердик оюндарга кызыгып баштадым, окуум да мурункудай болбой калды. Ата-энем окуудан начарлаганымды байкап, юридикалык лицейге берип, анан кайра оңолуп кеттим.

– Алгачкы сүйүүгө мас болгон учуруң эсиңдеби?
– 16 жашымда сүйүүгө жолуккам. Анда ал кыз 14тө болчу, экөөбүз тең жаш элек. Бир жарым жылдай сүйлөштүк, бирок мамилебиз көпкө барган жок. Жакында гана уктум, ал кыз турмушка чыгыптыр. Сүйлөштүк, көрүштүк, баары жакшы экен. Ошонусуна кубандым. Ал эми сезимдер мурункудай болбой калыптыр. Учурда жүрөгүм бош.

– Сүйүүгө туруктуусуңбу?
– Ооба, бир кызды катуу сүйүп калсам, анда башка эч ким менен сүйлөшпөй коюшум мүмкүн.

– Кыздар ичиндеги бугун көз жаш менен чыгарып алышат. Сенчи?
– Кырдаалга байланыштуу. Айта албай калган арманым болсо ыр менен чыгарам. Кээде досторум байкап калып, "кеттик, эс алып келебиз" деп көңүлүмдү алышат.

– Анан кандай жерге барып эс аласыңар?
– Ызы-чууну көп жактырбайм. Көбүнчө тынч жайларга барабыз.

– Бош убактыңда эмне менен алексиң?
– 6 жыл Футбол федерациясында машыктым. Бош болуп калдым дегиче досторумду чогултуп, футбол ойнойм. Сыналгыга негедир кызыкпайм. Көбүнчө музыка угам.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бегиш: "Кечир мен эгер чалсам түнкү саат үчтө"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
strangergirl
2012-10-08 15:52:41
Болоор бала богунан дейт элибизде. мумкун дуйного таанымал рэпер болуп каалар, эн башкысы бут тоспойлу, кыргызда жаман сапат бар эле, тобосу коруно баштаганда буттан тарткан....
0
Mika5
2012-10-08 16:46:11
Ишинизге ийгилик! Талантынызга таазим!
0
Aisi-orhidey
2012-10-08 16:54:20
Сөздү
орду менен сүйлөгөн,
оор басырыктуу, кара
тору жигит ушундай балдар жагата, стили да жакшы. Сагынам деген ыры жагат, тажабай угам. Ийгилик!!!
0
Gulzat-88
2012-10-08 16:56:22
азаматсын Бегиш!алга карай умтула бер!
0
GER
2012-10-08 21:33:57
Ооооо молодец Алайский уважаю!!!!
0
Rostov-on-Don
2012-10-08 23:01:20
Максат суроону жакшы бере албай аябай такалдыныз го ,Бегиш азамат жакшы жооп берип жатты.Ишине ийгилик каалайм!
0
jibeka_foreve.live
2012-10-09 14:19:32
азаматсын Бегиш иштерине ийгилик
0
ulutbek
2012-10-09 22:35:26
тункусун арзан болсо керек да
0
jarkinay
2012-10-10 19:13:38
ммм жакшы жигит экен ырлары жагат мага
0
benka80
2012-10-12 06:56:26
жакшы
0
koshmatov
2012-10-12 14:17:29
оор басырыктуу бала азаматсын ишини ийгилик
0
Love_kg
2012-10-12 15:38:34
в первый раз вижу его
0
kyrgyzajym
2012-10-12 16:13:25
Rahmat Begish:),bizge dagy-dagy jakshynakaj 4ygarmalaryndan tartuulap juro ber!
Men senin yrlaryndy,repterindi sujup ugam!
Azamatsyn.
Teren urmattap----Kujormandaryn!!!:)
0
Angelo4ek
2012-10-12 19:54:39
Азаматсын Бегиш! ырларынды ото берилуу менен угам,абдан жагат жана баалайм! мындан аркы чыгармачылыгына ийгилик каалайм!
0
abc123
2012-10-12 22:59:53
Ооба, бирок з то чалганын туура эмес кыздарды бузба да кеч чалып!
0
SatiNur
2012-10-14 12:40:58
Созду орду менен суйлоп жакшы комментарий бериптир, озун которбогону, жонокойлугу корунуп турат
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан