Жакында Кайрат Нуртастын Ош шаарында өткөн концертине Нурлан Насип да конок катары чакырылган. Мына ошол концерттен кийин Кайрат Нурландын “Маякчы карындаш” аттуу ырын казакча ырдап чыгууга уруксат сураптыр. Эми Нурландын “Маякчы карындашын” Кайраттын аткаруусунда угуп калат экенбиз.
Баса, Кайрат Нуртастын жакында өз мекенинде боло турган концертинде биздин ырчылар Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип менен бирге трио катары ырдап чыгышары маалым болду.