Алихан деген бир ырчы жигитибиз бар эле, акыркы күндөрү таптакыр эле көрүнбөй, көшөгөнүн артында жүргөн. Эмне кылып жүргөнүн сураштырсак, фермерлик менен алектенип, ишкер болуп кетиптир. Кыргызда “аял алсаң, отун ал” деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, Алихан жакында нике шакек тагынат окшойт, “үй-жайын, үй-бүлө багуу булагын камдап, кыз караштырып жатат” деген сөзгө караганда.
Ошондой эле шоу-бизнестин дагы бир жылдызы Ильяз Андаш кирешелүү бизнес ачканын билдирди. Каракол шаарына үлпөт тойго керектелүүчү көйнөктөн баштап гүлүнө чейин сатылуучу дүкөн жана тамадалык борборун кошо ачып салганын айтып, барбалактай сүйүнүчүн тең бөлүштү.