БАТКЕНДИКТЕР ГҮЛЖИГИТКЕ НААРАЗЫ

“Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей, “аба” дейт...” деген саптар Гүлжигит Сатибековдун “Лейлектик кызга” деген ырына таандык. Мына ушул саптар үчүн баткендиктер нааразычылыгын билдирип, биздин Баткендеги аймактык бөлүмүбүзгө кайрылышууда. “Жүгөрү – бизде шыпыргыга окшогон өзүнчө өсүмдүк, биз аны мака дебейбиз. Гүлжигит ырды жазып жатканда жүгөрү эмне экенин, мака эмне экенин билип алса болмок” деп нааразы. Ал эми Гүлжигит Сатибековго бул суроо боюнча кайрылсак, "мен ал ырда чыныгы жүгөрүнү жазгам, Баткенде жүгөрү деген башка өсүмдүк бар экенин эми угуп жатам" деген жообун берди.

 Кыстарылган видео 
Лейлектик кызга
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (114)
Tendik
2012-10-13 21:56:21
клип, ыр сонун
0
Zhanysh
2012-10-14 01:03:11
Баткенде деле мака дейт мака башка жугору башка дегени тажик жагында айтат болуп менин кайын журтум баткендин озунон лейлек жакта ошондой Богуш керек бизде деле мака дейт Алайкууда анын емнеси бар тарынгыдай ыр жакшы е
0
AFRODITA-89
2012-10-14 01:09:18
менин билишим боюнча жугоруну мака деп айтышат, адабий тилде болсо жугору деп жазылат! Мака деген башка осумдук экенин мен да эми угуп атам. Болду эми талаша бербей ар ким оз жерин талаша баштаптырго жанжалдашып кетпегиле!
0
nur656
2012-10-14 04:33:59
макадан ичкерек болсо анда Гулжигит кийинкисин шыпыргы же камышдеп ыр чыгарып берип койчу сураныч анан отура беришсин каалагандай айтып
0
karona12
2012-10-14 09:49:43
ха ха ха мага Sabyr86нын комментарийи жакты мага битта алмага битта алманы кошсо дейт го
+1
Waiyrbek
2012-10-14 09:51:39
Мен дагы Баткенден болом. МАКА бул кадимки эле адабий тилдеги ЖҮГӨРҮ.Ар жерде ар кандай диалектик сөздөр бар,талашып тартышыштын эч кандай кереги жок.
0
niko-nuku
2012-10-14 10:12:18
Омеей кокуй...Бул жакта талаш,а кочого чыксан диск саткан жерлерде,маршруттук таксилерде,коп эле адамдардын уюлдук телефонунан,кээ бир кафелерден ушу ыр жанырып жатат.Демек бул ал ырдын популярдуулугунан жана элге жакканынан кабар берет.Ал эми жеке ойумду айтсам:ырдын мазмуну женилиреек болгондуктан анын омуру кыска.Жаны уккулуктуу ыр чыкса, бул ыр унутула баштайт озунон озу...
0
baibolot71
2012-10-14 20:28:32
Баткендик туугандар,ырдын созуно эми маани бердинерби?Ырдын кызыгы таркап,анан чуу которуп жатасынар да ээ?ыр биринчи чыкканда созуно маани берген эмессинер да ээ,шылкылдап бийлеп.Ырдын созу жакбаса жол тоскула,же Бишкеке келип пикетке чыккыла анда эмесе.Ыр эн сонун болгон...
+1
тилек
2012-10-17 10:23:05
Мда. менин айтайын дегеним ушул ырга именно Баткендиктер айтса Лейлектиктер эмес тушуном себеби Баткен менен Лейлектин тилдеринде аз-маз айырма бар.Менин да Баткендик досторум суйлосо кулуп калар элек алар биздин созго биз алардын создоруно.
Эгерде Баткендиктер айткан болсо жугору башка мака башка осумдук деп ыр Лейлектик кызга деп аталып атпайбы Баткендиктердин кандай тиешеси бар (мен тема боюнча айттым)
Анан мен озум Лейлекте чонойдум (каттардим) жугору деп эч ким айтпайт баары э
0
Mametov
2012-10-17 19:35:20
жакшы ыр ким айтты мага жагат
0
sultan.kg
2012-10-18 22:47:27
Эмнеге Гүлжигит байкебиз Баткен,Жалал-Абад,Ош,Исфана жөнөндө көп ырдайт ыя?
0
Nazgul.
2012-10-29 15:51:09
молодец ырдаган ырлары жагат уну дагы жакшына
0
janarbek
2012-11-06 02:02:13
Биринчиден, Гулжигит байке, ордуңузга башка бирөө тартылса жакшы болоор беле деген ой, анткени сиз бир караган кишиге үй-бүлөлүү көрүнөсүз. Анан мындай киши жаш кыз менен кубалашып жүргөнү, көк-шиберде күүгүмгө чейин болуп, жол четине жигиттин көйнөгү чечилип, кыздын жоолугу башынан түшүп чыкканы мен үчүн түшүнүксw
0
B2S
2013-01-16 13:32:46
Деги Гулжигит каяктык?
0
akylbek89
2013-04-25 21:09:34
мака ал озунчо осумдук туугандар жугору башка
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан