Эл фонограмманы четке кагып, жандуу үн менен ырдаган ырчыларга ыраазы болуп турган чакта ырчы Курал Чокоев ырды гана эмес, музыканы да жандандыра турганын жар салды. Мындай максат менен ал “Мажор” аттуу топ түзүп, ага гитарада, саксофондо, “Ямахада” ойной алган музыканттарды топтоду. Топтун ырчысы, албетте, Курал. “Мындан кийин кайда барсак да, жалаң жандуу музыка жана жандуу үн менен ырдап күйөрмандарыбызды ыраазы кылабыз”,- дейт Курал.