БАКТЫБЕК СЪЕЗДБЕКТИ УТУП...

Карапайым адамбы же белгилүүбү, ар бирибиздин баалаган инсандарыбыз бар. Белгилүү алпаруучу Бактыбек Мамытов жаш ырчылар арасында Съездбектин талантына баа берип сыйласа, Съездбек да кичинесинен эле Бактыбек аганы кумир тутуп келет экен. Бул тележылдыз менен сахна жылдызы бири-бири менен баш ийкешип учурашкандары гана болбосо жакындан тааныш эмес. “Кумирдин кумири” рубрикабыздын тушоосу аты аталган жылдыздарды жакындан тааныштырып ал гана эмес, сырдаштыруу менен кесилди.

Съездбек менен Бактыбек ага телевидениеден, тойдон, ар түрдүү кечелерден, концерттен, деги койчу, чыгармачыл адамдардын башын бириктирген жерлер көп эмеспи, ошонун баарынан жолугушат. Ошентсе да саламдашкандан нары өтүшө элек. Бүгүн алар гүлбакта сейилдеп, кафеде даам татышып, бильярд ойноп, маңдай-тескей сүйлөшүштү. Сүйлөшүштү деп коём. Сырдашышты. Эл көзүндөгү жигиттердин баскан-тургандарын, бири-бирине болгон ниеттерин, эртеңки күнгө үмүттөрүн угуп отуруп экөө көп жактан окшошуп да кетээрин байкадык. Улуттук телеканалдын жүзү Бактыбек аганын жөнөкөйлүгү, токтоолугу, адамгерчилиги, колунан келсе эле жардам берүүгө даярлыгы мерездин да маанайын жаркытаар. Мындай сапаттар Съездбекте да бар.

Съездбек кичинесинде Бактыбек аганы телевизордон көрүп “телеалпаруучу болом” деп кыялданчу.

Ошол кыялы кумиринин жанында аз убакытка болсо да орундалды.

Бактыбек: «Сахнага чыкпасам да той-топурдан кээде ичке 200 грамм киргенден кийин ырдайм деп микрофон талашып калам. Съезд, ырчы болсом кандай жарашмак экен?»

Кесиптерин алмашып көрүүгө да үлгүрүшкөн жылдыздар гүлбакка чыгышты.
Бактыбек: “Анда-санда ыр жаза коём. Ырларым көбүнчө ушинтип гүлбак аралай баратканда жаралат”.
Съездбек: “Мен да бак ичинде отуруп кээде чиймелеп калам”.

Жылдыздары келишкен ырчы менен телеалпаруучу кеп учугун кафеден улантышты.

“Сен буз, мен буз” болуп отуруп акыры шарды Съездбек бузуп, оюнду баштады.

Бактыбек: “Ишенесиңерби, бильярдга кызыкканым менен өмүрүмдө биринчи жолу колума кий кармап жатам ”.

Съездбек: “Биринчи жолу ойноп жатам” деп коюп Бактыбек байке мага куйрук улаш эле келатасыз го”.

Бильярд үстүндөгү маек

– Бактыбек байке, “биринчи жолу ойноп жатам” дейсиз, бирок эрежелерин жакшы эле билет экенсиз...
– Мен дүйнөлүк чемпион Каныбек Сагынбаевдин ойногонун эки жылдан бери телевизордон көрүп, жеңиштерине сүйүнүп күйөрман болуп жүрөм. Анын күйөрманы болуп жүрүп бильярдды «заочно» анча-мынча үйрөнүп ал­гам. Ошон­дон улам Съездден биринчи шар киргизбедимби.
– Сенчи Съездбек, бильярдга көп ке­лесиң­би?
– Кол бошой калганда кээде балдар менен келип ойноп кетем.
– Бактыбек байке, оюндун жакканы жүзүңүздөн байкалып жатат. «Таң аткыча ойнойм» деп чыр салбасаңыз болду эми.
– Ха-ха-ха, чын эле жагып калды.
– Съездбек, Бактыбек байке жө­нүндө мурун кандай ойдо элең, жакындан таанышкандан кийин кандай ойдо калдың?
– Мен алгач мектептеги курагымдан баштайынчы. Кайсы концертти, көрсөтүүнү көрбөйүн Бактыбек байке дайыма Гүлшан Молдоева менен алпарат. Ошондон улам экөөнү аял-күйөөсү деп ойлочумун. Качан ырчы болуп телевидениеге каттай баштаганымда жөн гана кесиптештер экенин билбедимби. Мектепти бүтүп борборго келгенден кийин кыргыз телевидениесинде аз убакыт иштеп калгам. Ошондо атайын Бактыбек байкени кабинетине издеп барып эшикти улам ачып карап суктана берчүмүн. Ошондогу Бактыбек байке азыр деле ошол бойдон, эч өзгөргөн жок.
Бактыбек: – Кайдан?! Өзгөр­гөндө да укмуш өзгөрдүк да. Съездбек жөнүндө айта турган болсом учурашканда эле жугумдуу жакшы жигит экенин байкачумун. Бүгүн анын мен ойлогондон да жакшы жигит экенине күбө болдум.
Съездбек: – Эртеден бери карап отуруп кийин жаш өткөндө мен дагы Бактыбек байкедей мүнөз күтүп, токтоо, сабырдуу болгум келди. Мен өтө шашмамын. Шашып жүрүп көп нерседен кур калам. Кыскасы, бүгүнкү чайлашуу абдан жакты. Бактыбек байке менен 1-2 саат убактымды чогуу өткөрүп жакын тааныш болгонума кубанычтамын.
Бактыбек: – Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Съездбек, сага чыгармачылыктагы чоң жеңиш, майтарылбас күч-кубат каалайм. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпей эл ичинде аман бол.
Бир партия оюн соңу 8:5 эсебинде биринчи жолу колуна кий кармаган Бактыбек байкенин жеңиши менен аяктады. Баш ийкешип гана саламдашкан жылдыздар жолугушуудан кийин жакшы маанайда коштошушту. Ким билет, балким, бүгүнкү жакындан таанышуудан кийин ага-ини катары катташып да кетишер деген ой менен, урматтуу окурман, сиз менен кош айтышабыз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан