1-Октябрь – Карылар күнүнө карата “Тумар” радиосу жылдыздар жарманкесин уюштурду. Жарманкеге Мирбек Атабеков, Чолпонай, “Non-Stop” дуэти, Омар, Нурлан Насип жана башка көптөгөн ырчылар менен “Супер-Инфо” гезити катышты. Жылдыздар өз буюм-тайым, кийим-кечектерин сатышса, биз “Супер-Инфонун” логотиби түшүрүлгөн футболкаларды, календарларды сатып, чогулган акчаны Биринчи Май районундагы карылар үйүнө тапшырдык. Ошондой эле бул күнү бийчи Атай Дүйнөлүк Бий Олимпиадасында кийип бийлеген бет кабын аукционго коюп, 1500 сомго сатты.