Кылычбек Султанов, Социалдык өнүктүрүү министри:«КОРРУПЦИЯНЫ ЖОЮУГА АРАКЕТ ЖАСАЙМ»

Рубриканы баштаардын алдында мурунку жетекчибиз, азыркы Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек мырзага бир-эки суроо менен кайрылдык.

– Кылычбек Камчыевич, министр­лик кызматка келгенден бери арыктап кет­кениңиз көзгө дароо урунат экен. Жумуш оорбу?
(Күлүп) «Ата Мекен» сунуштаган министрлер жумушту биринчи орунга койгондуктан, ушинтип арыктап кетет окшойбуз. Буга ойдун-иштин көптүгү, убакыттын тардыгы себеп болсо керек. “Супер-Инфо” гезити жаңы чыга баштаган күндөрдү эске салды. Ошол кезде да чоң жоопкерчиликти моюнга жүктөп, ары түйшүктүү, ары узак сапарга аттанган элем.

– Министр катары эмнени биринчи колго алып, чечүүгө кириштиңиз?
– “Асаба”, кийинки “Агымдын” ээси маркум Мелис Эшимканов кыргыз тилдүү басылмалардын арасында өзгөчө нукту баштагандай эле, “Супер-Инфо” кыргызча басма сөз тармагында жаңы нук, жаңы багыттын кожоюну боло алды. 2000-жылдардын башында өз алдымча гезит ачып, алгачкы кадамдарымды таштап баштаганда «техникалык билими менен кантип гезитти жетектегени жатат?» деген суроолор болгон. Бирок 10 жылдан кийинки жыйынтык – эл сүйүп окуган “Супер-Инфонун” бүгүнкү ийгилиги, гезиттердин алдыңкы сабына чыга алгандыгы. Андыктан мүмкүнчүлүк берилсе, бул министр­ликте да алгылыктуу иштин жыйынтыгын көрсөткүм келет. Карапайым калк түрдүү бюрократиялык көрүнүштөрдөн арылып, өзүнө тиешелүү мамлекеттин жардамын алуусун жеңилдетүүнүн үстүнөн иштейм. Ар кандай жасалма бут тосууларды, коррупцияны жоюуга аракет жасайм. Буга байланыштуу биринчи кадам “Адистин кеңеши” рубрикасы аркылуу башталганы турат.

КАТ ЖАЗЫП, ЖООП АЛЫҢЫЗ
“Адистин кеңеши” рубрикасы аркылуу Социалдык өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маселелер менен кайрылсаңыздар, жооп алып берерибизди жаздык эле. Андан бери Бишкектен баштап алыскы айылдын тургундарына чейин чалгандар арбын болду. Ар бир берилген суроого Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык колдоо бөлүмүнүн башкы адиси НАЗГҮЛ ЧОЛУМОВА дыкаттык менен жооп берди.

"ЖӨЛӨКПУЛ КАЧАН КӨТӨРҮЛӨТ?"
Базаркул Исалиев,Кочкор району:
– 44 жаштагы кайнежем 1-топ­тогу майып. Айына 2400 сом жө­лөкпул алат. Жакын арада бул ка­те­го­рия­дагы адамдарга берилчү акча жогорулайбы?
– Социалдык өнүктүрүү министрлиги бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 18 жаштан жогору болгон жарандардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн көбөйтүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан. Ал долбоор учурда өкмөттүн кароосунда. Эгерде кабыл алынса, анда мындай жарандардын социалдык жөлөкпулдарынын өлчөмдөрү көтөрүлөт.

"КАРЫЛАР ПЕНСИЯСЫ МЕНЕН НЕБЕРЕЛЕРИН БАККАН ЗАМАН..."
Карымшак Мамытов,Кочкор району, Ак-Кыя айылы:
– Биздин айылдын жаштары дээрлик жумушсуз, үй-бүлө күтүшсө да, үстүндө үй-жайы жок. Көбү ата-энесинин эки бөлмөлүү тамына кирип, чогуу туруп, алардын пенсиясы менен күн өткөрүшөт. Карылардын өмүр бою тапкан эмгегин неберелери менен бөлүшүп жаткандыгы кейитет. Аларга жөлөкпул чыгарталы дешсе, чоң ата-чоң энесинин үйүнө шылташып, жөлөкпул берүүдөн баш тартышат. Мындайда кандай кылса болот?
– Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн кирешеси кирет. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөкпул үй- бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү киреше өлчөмүнөн, 370 сомдон ашпаган учурда дайындалат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бир үйдө сиз айткандай, жумушу жок аялы-күйөөсү бир баласы менен жашап, бирок чоң атасы менен чоң энеси биригип орточо 5000 сом алсын дейли. Аны беш кишиге бөлө келгенде, 1000 сомдон тиет. Демек 370 сомдон жогору, бул учурда жөлөк пул берилбейт.

"МАЙЫПМЫН, БАЛАМА СҮЙҮНЧҮ ПУЛ БЕРИЛЕБИ?"
Жолдошбек Жеңишов,
Нарын шаары:
– Мен 3-топтогу майыпмын. Социалдык жардам катары айына 1500 сом алам. 4 ай болуп калды, балалуу бол­гом. Аялым да иштебейт. Сүйүнчү пул­га барсак, “силерге берилбейт” деп коюшту. Алардын жообу мыйзамга ылайыкпы?
– Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн кирешелери кирет. Ал эми балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул дайындоодо майыптык боюнча социалдык жөлөкпул үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси катары эсептелбейт.
Башкача айтканда, эгерде сизге 1500 сом Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан төлөнүп келсе, бул жөлөкпулдун өлчөмү кирешеге кирбейт. Мындай шартта үй-бүлөнүн кирешеси ар бир киши башына 370 сомдон төмөн болсо, азыркы учурда 1110 сом бир ирет жөлөкпул ала алат. Жөлөкпул бала туулган күндөн тартып 6 ай ичинде берилиши керек. Ал убакыттан ашып кетсе, жөлөкпул берилбейт.

"КАТТООМ ЖОК БОЛСО КАНТЕМ?"
Анара Бектурсунова,Москва району,
Беловодск айылы:
– Менин 8 балам бар. Өзүм Токто­гулдан көчүп келип, Садовое айылында таякелеримдин каттоосунда турам. Балдарыма жөлөкпул чыгартайын деп Беловодск айыл өкмөтүнө, Москва районуна кайрылдым. Бирок каттоом жоктугун айтышып, “берилбейт” деп жооп беришти. Эмне кылсам болот, жардам бере аласыздарбы?
– Алардын “берилбейт” деп кесе айтуусу туура эмес. Анткени жөлөкпул жашаган (катталган) жери жана иш жүзүндө жашаган (убактылуу катталган) жери боюнча берилет. Эгерде сиз Токтогул районунда катталып, бирок учурда Беловодск айылында жашасаңыз, убактылуу каттоого турушуңуз керек. Анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жөлөкпулду азыр жашап жаткан жериңизден алууга болот. Ал үчүн райондук жана шаардык Калкты социалдык жактан коргоо башкармалыктарынан туруктуу катталган жериңиз боюнча ай сайын берилүүчү жө­лөкпулду албай тургандыгыңыз жө­нүндө кат менен документтерди тап­шырууңуз талап кылынат.

"БААТЫР ЭНЕНИН ОРДЕНИН КҮТҮП ЖАТАМ"
Жекшекан Төралиева,Кочкор району, Теңдик айылы:
– Өзүм 7 баланын энесимин, анан каза болуп калган бир аялдын 4 баласын багып алгам. Ушул жылдын март айында Баатыр эне болуу үчүн документтерди тапшыргам. Бирок жообу жок. Жардам бериңиздерчи?!
– Баатыр эне ордени менен сыйлоо жөнүндөгү расмий өтүнүч айылдык, райондук, шаардык, облустук, Бишкек жана Ош шаардык Кеңештери тарабынан сунушталат. Алар менен макулдашкандан кийин сыйлоо жөнүндөгү өтүнүчтү облустук мамлекеттик администрацияларга, ал эми Бишкек жана Ош шаардык Кеңештери жергиликтүү өз алдынча башкарууга – мэрияларга жиберет. Андыктан бул маселе боюнча жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерге кайрылууну сунуштайм. «Баатыр эне» наамын берүү биздин милдетке кирбейт.

ЖОЛДОШУМ КАЗА БОЛУП КАЛДЫ, БАЛДАРЫМА КАНТИП ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЫГАРАМ?
Элнура Козубекова,Кара-Балта шаары:
– 4 баланын энесимин, эң улуусу 12 жашта. Жолдошум каза болуп калгандыктан, балдарымды жалгыз тарбиялайм. Жакында эле 2 жашар кичүү кызым майыптардын тобуна кошулду. Өзүм батирде турам, баары эле кыйналып жашаганыбызды билишет. Бирок жөлөкпул чыгарта албай жүрөм. Кимге кайрылсам болот?
– Биринчиден, жолдошуңуздун пенсияга укугу (эмгек стажы) жок болгон болсо, ар бир балаңызга багуучусунан ажырагандыгы боюнча ай сайын социалдык жөлөкпул чектелет. Эгерде пенсияга укугу (эмгек стажы) бар болгон болсо, Социалдык фонд тарабынан ай сайын багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия төлөнөт. Социалдык фонд – биздин министрликке карабаган өзүнчө мамлекеттик мекеме.
Багуучусунан ажыраган учурда кайтыш болгон күнүнөн баштап 12 айдын ичинде зарыл документтерди топтоп, туруктуу каттоодо турган жерге караштуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылса, баккан адамы каза болгон күндөн тартып балдарына жөлөкпул дайындалат.
Эгерде бардык документтер кайтыш болгондон кийин 12 айдан ашкан мөөнөттө тапшырылса, кайрылган айдын биринчи күнүнөн тартып жөлөкпул дайындалат.
Бул социалдык жөлөкпул балдар 16 жаш куракка толгонго чейин, жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларына – алар окууну аяктаганга чейин жана окутуу­нун күндүзгү формасындагы башталгыч кесиптик окуу жайлардын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттерине – алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар 23 жаш куракка толгонго чейин чектелет. Контракттык негизде окугандар үчүн жөлөкпул берилбейт.
Экинчиден, кичүү кызыңызга меди­ци­налык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу керек. Ал берилгенден ки­йин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылыңыз. Кызыңызга да 3000 сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул чектелет.

"УНААҢАР БАР ЭКЕН ДЕП, ЖӨЛӨК ПУЛДУ КЫРКЫП САЛЫШТЫ..."
Жылдыз Алиева,Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы:
– Февраль айында социалдык кыз­маткерлер күйөөм Ауди машина­сын сатып алганы үчүн буга чейин үч балама алып жаткан жөлөкпулду кыркып салышты. Бул туурабы? Ат-Башыда картошка­дан башка эч нерсе өспөйт, жолдор да жаман, кү­йөөмдүн тапканы унаанын тетигинен артпайт.
– Жөлөкпулду алууда үй-бүлөнүн муктаждык даражасы аныкталып, анда үй- бүлөгө тиешелүү узакка колдонулуучу товарлар эске алынат. Эгерде сиздердин узакка колдонулуучу бир жана андан көп товарларыңыз болсо, анда аз камсыз болгон үй-бүлө катарына кошулбайсыз жана жөлөкпул алууга укугуңуз жок.
Узакка колдонулуучу товарларга тө­мөн­кү­лөр кирет:

  • жеңил автоунаа;
  • айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
  • жүк ташуучу автоунаа.

Урматтуу окурмандар, сиздер өз суроолоруңуздар боюнча (0312) 32-33-22 телефон номери аркылуу кайрылып же politika@super.kg дарегине кат жөнөтсөңүздөр болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Кылычбек Султанов
2012-10-08 22:12:28
Ким кайсыл жерде жөлөкпул ордуна гезит бергенин так жаза кетсеңиз. Маалыматыңыз жалаа же жалган болсо, мыйзам чегинде жана сайттын эрежелери боюнча да жоопко тартылышыңыз мүмкүн экенин унутпаңыз.
0
анарбек
2012-10-08 22:51:38
озгондун болшевик айылында алчубуз,Сизди бердирет деген оюм жок болгону ошондой кылган ортомчулар барда
+1
анарбек
2012-10-08 22:52:51
конул бурганыныз учун чооон рахмат дайым эл менен ушундай байланышта болушунузду каалайбыз
+1
Kurguz.
2012-10-09 06:38:20
Жолук пул жолдуулардын гана чонтогуно тушот,карапайым елге жок пул тушот.Кыргызстан корупциянын атасы!
+1
tattusha
2012-10-09 15:27:57
Кылычбек байкеге мен чон ишенич артам, бул ведомствону жакшы жонго салат деп, ишинизге ийгилик каалайм!!!
0
Ananasky
2012-10-10 15:58:11
Кылычбек акебиздин аты айтып тургандай кылычда баарын оз нугуна салат болуш керек. Ийгилик сизге.
0
tt8888
2012-10-11 02:26:36
Байкеге албан-албан ийгиликтерди каалайм!!"маалыматты билген дуйнону башкарат"-дегендей))))
0
shayl2106
2012-10-12 17:50:29
Кылычбек байке ишинизге ийгилик!ишиниз дайым актай болсун!
0
wwwww
2012-10-13 08:29:42
КОРРУПЦИЯНЫ жоём дегендердин копчулугун эл билет эмне курук гана убадалар. Чарчап буттук го куто берип
0
Nur_meerim
2012-10-13 11:05:37
Azamatsyz Kylych baike!
0
alik1602
2012-10-13 14:29:04
кылыч байке ойлогон ойунуз ишке ашсын кыргыз элиме сиздей жигит керек болуп турат.
0
МАЛЫШ
2012-10-14 21:41:58
Кылыч байке ишинизге ийгилик.......Бир суроо туулду да менде, эгер Кылычбек байке туура эмес иш кылса Супер инфо ошону гезитее жазып чыгаралабы жее карга карганын козун чукубайт болобу? :))
0
LAMAJIA
2012-10-19 20:39:27
ишти чечкиндуу баштаганын абдан жакшы, ушул калыптан жазбай иштесен мыкты адис болосун. албетте, саясаттын шайтан оюнунан алыс болуш керек антпесен баштагы министрлерден айырман жок жеп-ичкендерден болосун. Эмесе ишине ийгилик , ден соолук каалайм
0
LAMAJIA
2012-10-19 20:43:09
элмира
Кыргыз элинин чыныгы жигити деген наам буюрсун! инин илгерилей берсин, Кылыч мырза
0
Rostov-on-Don
2012-11-08 23:13:36
Единовременный 1110 сом элеби мынча аз ал эмнесине жетет?1 коляска да алалбайсынго.Ошон учун кыргыздар Россиянын жараны болгула бул жакта бала торолсо суйунчу акча 12000р толонот.анан ай сайын 3000 р толойт 1-балага.Ал эми 2-бала торолсо 6000р ай сайын аласынар.Андан сырткары материнский капитал берет 387650р. Зато балдарга ошол окмоттун акчасы жетет.
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан