МАДОННА

«Америка жашоосу», «Кыз сыяктуу», «Бактылуу жылдыз» жана башка ырлары менен дүйнөлүк масштабда белгилүү болгон ХХ кылымдын эң популярдуу ырчысы, «поп-музыканын ханышасы» Мадоннаны кимдер гана тааныбайт, кимдер гана билбейт? Алтургай, ар бир мамлекеттин эли өздөрүнүн эң белгилүү ырчыларын «Биздин өлкөнүн Мадоннасы» деп Мадоннага теңеп келишет. Ушундай атакка ээ болуп, дүйнөнү багындырган Мадоннанын толук аты-жөнү – Мадонна Луиза Вероника Чикконе. Ал 1958-жылы 16-августта АКШнын Мичиган штатында туулган.

Мадоннанын концертине кимдер каршы болуп жатат?
Ырчынын учурда турнеде жүргөн маалы. Бул анын жетинчи жолку турнеси болуп саналат. Москвада 11-12-сентябрда концерт берет. Андан соң Япониянын Осака жана Токио шаарларына сапар тартмакчы. Бул жолку турнесинин алгачкы концерти Лос-Анжелесте өттү. Бул концерт диний ишмерлер нааразычылык көрсөтүп, терс көз караштарын айтышкан. Алар Мадоннаны «айкашкан жыгачты, Эне-Кудайдын статуясын жана башка дин символикаларын туура эмес жерде колдонуп, динге шек келтирди» деп айыпташкан жана көпчүлүк элди концертке келбегиле деп үгүт­төшкөн.
Маалыматтарга караганда, Мадоннаны белгисиз бирөөлөр Москвада боло турган концертинен баш тарттыруу үчүн “балдарын уурдап кетебиз” деп коркутуп жатышат. Так эле ушундай коркутуу Израилде да болгондуктан, Мадонна Израилде коё турган үч концертинен баш тарткан эле. Бул жолку коркутуудан Мадонна коркпой-этпей концертине даярдыгын улантууда. Бирок, күйөөсү Гай Рич аялы үчүн да, балдары үчүн да абдан кабатырланып жатат. Мадоннанын концертине баарынан мурун орус православдык чир­көө­нүн өкүл­дөрү каршы болуп, Мадоннанын концертин “Кудайга каршы иш” деп аташууда. Чир­көө өкүл­дө­рүнө кээ бир ислам жана иудаизмдин өкүл­дөрү да кошулууда. Баш­ка экстремисттик уюмдардын лидерлери буларга колдоо көрсө­төөрүн айтышып, башка жерлерде да Мадоннанын концерттердин болтурбоого аракет кылуу жөнүндө сөз беришүүдө.
Эмесе, биз сөз кылып жаткан Мадоннанын чыгармачылыгы менен жеке жашоосу тууралуу.

Динчил үйбүлөдөн чыккан Мадонна
Мадонна үйбүлөдө үчүнчү болуп төрөлөт. Энтони жана Мартин аттуу эки агасынан кийин төрөлгөн кызга апасынын атын ыйгарышат. Бирок, апасынын аты менен чаташтырбаш үчүн аны «Кичинекей Нонни» деп аташат. Апасы Нонниден кийин Паула, Кристофер жана Мелани аттуу үч перзенттүү болот. Кичинекей Нонни апасын абдан жакшы көрүп, бардык жагынан апасына окшош болгусу келчү. Апасы канадалык француздун кызы болгондуктан, абдан сулуу болгон. Бирок, апасы Нонни беш жаштан эми эле өткөндө рак оорусунан улам каза болот. Ошентип, кичинекей Нонни эми эле эс тарта баштаганда орду толгус жоготууга учурайт.
Мадоннанын атасынын кесиби инженер болгон. Ошону менен катар абдан динчил болгондуктан, балдарын таң эрте саат алтыда тургузуп, бир саатка чиркөөгө алпарып, андан кийин гана мектепке жөнөтчү.
Мадоннанын таланты мектепте окуп жүр­гөндө эле ачылат. Ал ата­сынын абдан динчил экенине карабай кичинекейинен боёнуп-таранып, ачык кийимдерди кийгенди жакшы көрчү. Ал окуучулук күндөрүн мындайча эскерет: «Ма­га атам боёнууга, чачымды кыркууга, кыска кийимдерди кийүүгө тыюу салган эле. Бирок, мен мектепке барганда каалаганымды кылат элем да, үйгө кайтаар маалда бетимди жууп, калыбыма келип алчумун». Ал ошол мезгилде өзүнүн теңтуш балдары тарткан фильмге бикини кийип тартылат. Ал мезгилде кыздар бикини менен фильмге тартылмак түгүл эркектердин көзүнө да көрүнүшчү эмес. Көп өтпөй таланты күчөгөн Нонни бийлегенди үйрөнүп алат да, мектептин бий тобунда бийлей баштайт. Мектепти бүткөн соң, ал Мичиган университетине тапшырат да, ал жакта бийге болгон талантынын аркасынан стипендия алып окуй баштайт. Университетте бий тобунун жетекчиси Крис ага жетекчи катары да, дос катары да, ата катары да көп жардам берет. Негизи, Крис гомосексуалист болгон. Мадоннанын бисексуалдарды жакшы түшүнүп, клиптеринде алардын жашоосун чагылдырып калганы ушундан улам болсо керек деген божомолдор айтылат.

Ийгиликтин келиши
Университетте окуп жүрүп ырчылардын арасында бийлөө менен өсө албай турганын түшүнгөн 19 жаштагы Мадонна атасынын каршы болгонуна карабай, Нью-Йоркту көздөй жол тартат. Анын Нью-Йорктогу жашоосу оңой болбойт. Ал нан таап жеш үчүн эмне деген гана жумуштарды аткарбайт. Жан сактоо үчүн «Плейбой», «Пентхауз» аттуу журналдарга жылаңач сүрөткө түшүп бергенге да макул болот. Ошентип, ар кимдин короосунан бери шыпырып иштеп жүргөн Мадонна Ден жана Эд Гилрой деген бир туугандар менен таанышып калат да, алардын тобунда ырдап, бийлеп, барабанда ойноп иштеп калат. Бул топто иштеп жүрүп ырчылыктын ой-кырларын үйрөнгөн Мадонна алардан бөлүнүп чыгып, өзүнүн тобун түзөт. Акырындап таланты менен Нью-Йорктун кээ бир клубдарында белгилүү боло баштайт. 1983-жылы анын алгачкы «Мадонна» деген альбому жарык көрөөрү менен дароо сатылып кетип, популярдуулукка ээ болот. Бул альбомдогу «Майрам» аттуу ыры хитке айланып, бүт америкалыктар ал ырды жатка ырдап калышат. Мындан эки жылдан кийин Америкада Мадоннанын атын билбеген адам калбайт. Улам улам жаңы ырларды, клиптерди чыгаруу менен шоу-бизнес дүйнөсүндө өз ордун табат. Нью-Йоркко жаңы келген маалда нанга да акча таба албай жүргөн жаш кыздын жылдык кирешеси 1986-жылы 20 миллион долларга көбөйөт. 1992-жылы Мадонна жана теле алпаруучу Опра Уинфри Американын шоу-бизнесиндеги эң бай аял деп табылышат. Ошентип, Мадонна өжөр мүнөзү жана таланты менен ийгиликке бат эле жетишет. Ошол эле жылы ал «Мэверик Рекордз» аттуу үн жазуучу студиясын ачат. Ушинтип Мадоннанын ташы өйдө кулагандан кулап, ал бардык жерде биринчиликти бербей, ырларынын баары хит болуп, чыгармачылыгынын гүлдө­гөн мезгили келет.

Мадонна лесбиянбы?
Мадонна 1985-жылы чогуу иштеген Шон Пенн аттуу актёрго турмушка чыгат. Ал күйөөсү менен «Каз жана Том Том» аттуу пьесада роль ойноп жүрүп таанышкан. Экөө андан көп өтпөй эле «Шанхай сюрпризи» аттуу фильмге чогуу тартылышат. Бирок, тилекке каршы, фильм популярдуулукка ээ боло албай калганы аз келгенсип, Шон менен Мадонна да 1989-жылы ажырашып кетишет. Мадоннанын айтымына караганда, экөөнүн ортосунда эч кандай деле сүйүү болбогондой жана экөөнү бир гана фильм байланыштырып тургандай сезилчү. Анын үстүнө Мадонна күйөөсү­нүнүн фамилиясына өткөн эмес. Ал эми тескерисинче, Шонду «Мистер Мадонна» деп атай башташкан. Бул албетте, Шонго катуу тийсе керек. Шон менен ажырашкандан кийин ал Уоррен Битти аттуу актёр менен мамилелеш болот. Бирок, ал менен да мамилеси көпкө узабайт. Андан көп өтпөй эле Карлос Леон аттуу спорт машыктыруучусу менен мамиле түзөт. Мадонна Карлоско турмушка чыкпай туруп эле Лорден аттуу кыздуу болот. Мадонна кыздуу болгондон кийин абдан өзгөрөт, башкача айтканда, себеби жок ары-бери басканын, эркектер менен көп көңүл ачканын токтотот.
2000-жы­лы сентябрда Мадонна Гай Рич аттуу режиссёр жигитинен уулдуу болот. Мадонна Гайга жолукканда өзүнүн чыныгы сүйүүсүн таптым деп эсептеген жана чындыгында эле экөө уулдуу болгондон кийин баш кошушкан жана азырга чейин бири-бирине арка-жөлөк болуп келишет.
Көпчүлүк эл Мадоннаны лесбиян деп ойлоп келишет. Бул анын көптөгөн ырларынын клиптери бисексуалдар жөнүндө болгондугунан улам чыккан божомол делинет.

Тартылган фильмдери
Мадонна ырчылык менен катар көптөгөн фильмдерге да тартылган. Анын алгачкы жолу тартылган фильми “Сюзанды үзгүлтүксүз издеп жүрөм” деген фильм. Бирок, бул фильм көп деле популярдуу болгон эмес. Андан көп өтпөй эле жогоруда сөз кылган “Шанхай сюрпризи” аттуу фильмге тартылган. Бирок, айтып кеткендей, популярдуулукка ээ болгон эмес. Негизинен, Мадонна канчалаган фил­ьмге тартылбасын, фил­ьмдери популярдуулукка ээ болмок тургай, тескерисинче, көптөгөн пикир келишпестиктерди жараткан. Ал 90-жылдардын баш­тарында “Мадонна менен төшөктө” аттуу документалдуу фильм тарттырган. Бул фильм да башка фильмдери сыяктуу талаш-тартышты, пикир келишпестиктерди жараткан.

Бушту жактырбаган ырчы
Мадоннанын фильмдери эле эмес, ырлары жана клиптери да коом арасында талаш-тартыштарды жаратып келет. Бирок, фильмдеринен айырмаланып ырлары канчалык терс көрүнүштөрдү жаратпасын, хитке айланып, популярдуулукка да ээ болуп келүүдө. Мисалы, 1989-жылы “Сыйынуучу сыяктуу” ырынын клибинде жарым жылаңач Мадонна отко күйүп жаткан айкашкан жыгачтын жанында афроамерикалык дин кызматкерин кучактап өөп жаткан болот. Бул клип чыгаары менен Ватикандагы дин өкүлдө­рү клипти эфирге чыгарууга тыюу салышат. Бирок, ошого карабастан бул ыр клиби менен абдан популярдуулукка жетишет.
Мындан тышкары Мадоннанын “Америка жашоосу” аттуу ыры Америка президентинин кыжырына тийген ыр болуп саналат. Себеби, ырда Мадонна Американын Иракка эч себепсиз эле согуш ачканын, ал жакта бейкүнөө эле адамдарды өлтүртүп жатканын ачык айтып чыккан. Алтургай, ыр­дын клибинде баарына жетишкен Американын согуш модасына эле жетише электигин көргөз­гөн. Ушул ыр хитке айлангандан көп өтпөй эле Мадонна “Нью-Йорк таймс” гезитине берген интервьюсунда Америка президенти Бушту абдан жек көрөөрүн, Буш деген атты укса эле кулагын жаап алаарын айтып өткөн. Аталган ыр Америка өкмөтү тарабынан канчалык кысымга алынбасын бардык жерде, өзгөчө Иракта популярдуу ырга айланган. Ушул ырдан уламбы же жокпу, Ирак мамлекетинин экс-президенти Саддам Хусеин кайсы бир интервьюсунда жактырган ырчысы Мадонна экенин белгилей кеткен эле.

Жазуучу Мадонна
Мадонна ыр ырдап, фильмге эле тартылбастан, китеп да жазат. Китептеринин көпчүлүгү жаш балдарга ылайык жомок китептери болуп эсептелет. Китептери да ырлары сыяктуу бир темадан бир темага аттап, ар түрдүү көз карашты пайда кылып келет. Ал 1992-жылы “Секс” аттуу китеп жазган болсо, ошондон 11 жылдан кийин, башкача айтканда, 2003-жылы балдарга арналган “Англия розалары” аттуу китеби жарыкка чыккан.

ххх

Ийгилик адамды бат эле көптүрөт эмеспи. Бирок, Мадонна көпчүлүк жылдыздар сыяктуу баңгиликке, аракка, кумарга берилбестен, атактуу боло элегинде кандай болсо, азыр да ошол эле калыбында. Тескерисинче, 48 жаштагы Мадонна өзүнүн жашынан алда канча жаш көрүнүп, азыркы жаш ырчылардан калбай күйөрмандарын сүйүндүрүп келет. Мадоннанын фобиясы – ратифобия, башкача айтканда, ал картаюудан, бетине бырыш түшүүдөн абдан коркот. Ошондуктан, ар түрдүү спорттук машыгууларды жасоо менен келбетин, сулуулугун сактап келет.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 200, 1-7-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан