Шоу-бизнестин чырдуу өкүлү Рианна сүйгөнү Крис Браунга кайтты. Күбөлөрдүн айтымында, алар капысынан Нью-Йорктогу клубдардын биринде көрүшүп калышыптыр. Крис мурунку сүйгөнүн көрөр замат ага келип, столуна чыгып бийлеп баштаган. Сүйгөнүн көрүп ырчы айым да чыдабай кеткенби, экс-бойфрендине кошулуп бийлеп кирген. Бийдин аягы рэпердин Рианна токтогон мейманканада түнөп калуусу менен аяктаптыр.