Жакында эле Шакира кош бойлуу экенин жар салган. Көп өтпөй футбол жылдызы Жерар Пике экөөнүн наристеси уул болорун болочок эне сүйүнчүлөдү. “Менин балам курсакта жатып жашоону өзгөртүүгө жардам берип жатканын билиши керек. Ал, чынында, дүйнөнү өзгөртө алат” деп ай-күнүн күтүүдө Шакира. Айта кетчү нерсе, дагы бир дүйнө жылдызы Леди Гага кош бойлуу деген маалымат күйөрмандарынын бүйүрүн кызытууда.