Өткөн сандарыбызда интернет барактарында миллиондон ашык кароолорго ээ болгон түштүк кореялык ырчы PSY`дын “Gangnam Style” клиби жөнүндө жазган элек. Мына ошол клип азыр атактуу болуп гана тим болбостон, “Гиннесс рекорддор китебинен” эң көп каралган видео катары орун алып отурат. Клип ушул жылдын июль айында гана чыкса да, азыркы учурда интернеттеги бир эле социалдык сайтта 350 миллион жолу каралып, 3 миллиондон ашык “симпатияга” ээ болгон.