Кара кабылан атыккан Наоми Кэмпбелди сүйгөнү олигарх Владислав Доронин таштап кеткен көрүнөт. Анткени акыркы күндөрү экөө кечелерге чогуу барбай калганы бир себеп болсо, «Доронин башка сулуу таап алды» деген кептер ээрчигени – экинчи себеп. Маалыматтарга ылайык, олигарх башка бир орусиялык моделди эсин жоготкончо сүйүп, жадакалса ага үйлөнүүгө даяр экени айтылууда.