ТАМАША ТОР

Май майрамдарынын алдында окурмандарыбызга күлкү тартуулоо максатында “Тамаша тордун” чалмасын белгилүүлөргө ыргыттык. Алгач кикбоксчу Канат Сыдыгалиевге телефон чалган жигитибиз анын чымыр муштумдарына суктанган «голубой» жигитке айланып, айымдардан кем калышпай кылыктана сүйлөп, сүйүүсүн арнай баштады...

Канат Сыдыгалиев: «КОЛУМА ТИЙСЕҢ БҮКТӨП САЛБАСАМ!»

– Алло, бул Канат болду бекен?
– Ооба, угуп жатам.
– Кандайсың? Менин атым Айбек.
– Баары жакшы, Айбек, айта бер.
– Сенин үнүңдү уккан күндү күтүп келгем. Мына эми мен бактылуумун! Канат, телефон номуруңду кыйналып жүрүп араң таппадымбы. Ах, жүрөгүм да жарылып кетчүдөй болуп катуу сого баштады...
– Жигит, айтчу сөзүңдү тез айт, менин убактым жок.
– Келбетиң, деги эле өзүң аябай жагасың. Сени түшүмдө да көрөм. Кыялымда жалгыз гана сенсиң.
Эй жигит, эмне деп жатасың?!
Сен менин жан дүйнөмдүн дарысы экениңди билип кой. Канат, сен үчүн баарына даярмын. Керек болсо демөөрчү да болуп бере алам. Алдыңа машина, үстүңө үй, кааласаң менин үйүмдө чогуу жашайбыз. Сенден сураныч, жолугуп сүйлөшөлүчү. “Алтын казынадан” жолукпайлыбы?
Эй, бала, эгер сүйлөшкүң келип жатса “Алтын казыналап” отурбай эле айта бер.
Жок, Канат, мени түшүнбөй жатат окшойсуң. Сөздү жылмалабай ачык эле айтайынчы, мен сексуалдык мамилени көздөп жатам.
Башты оорутпа!(Спортчу жини менен сөгүнө трубканы коюп салды. Бир аздан киийн кайра чалдык.)
– Алло, Канат, бул мен, Айбек. Сенден сураныч, бир ирет жолугалычы?! Балким, менин үйүмдөн жолугарбыз. Досторум менен да тааныштырсамбы дедим эле... Типа вечеринка кылабыз.
– Эй, бала, мен сага айттым го, сүй­лөш­күң келсе, көчөдөн жолугабыз деп.
– Канатик, сен анда жолугууга күлгүн өңдөгү көйнөк кийип келчи. Сага бул өң абдан жарашат.
– Эй, эмне деп жатасың?! Тү-үт... тү-үт (жини келдиби же ток ургандай чочудубу, айтор, Канат трубканы дагы коюп таштады).
Биз анын номурун беш-алты жолу терип, жооп ала албадык. Акыркы чалганыбызда тажадыбы, телефонун алды.
– Алло, Канат.
– Айбек, угуп жатам.
– Жолугалыбы?
– Давай!
– Оо, кандай бактылуумун! “Ма­кул” деген үнүңдөн! Кел анда Ахун­баев–Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден жолугалы.
– Азыр барып кал, ошол айткан жагыңа.
– Канат байке, кечирип коюңуз, сиз “Супер-Инфо” гезитинин “Тамаша торуна” түштүңүз.
– Эмне-е?! «Тамаша» дейсиңерби? Чынын айтсам, «тамаша кылып жатышабы» деп азыр бардык досторума чалып, үндөрүн текшерип чыктым. Эч кимисинин үнү окшобой койду. Ушунчалык жиним келип, тиги Айбек деген немеге күлгүн өңдөгү көйнөктү көрсөтөйүн деп жаткам. «Колума тийсең бүктөп салбасам!» деп жаным кашайып жатты эле. Эх, “суперчилер”, канымды бир кайнаттыңар да...


Замир Арыкбаев: «ЫРЧЫЛАРДЫ СИЗГЕ ОКШОГОН АЯЛДАР БУЗУШАТ»

Чалмабызды эми Замир Арыкбаевге ыргыттык. Алдын-ала түзүлгөн сценарий боюнча бир топ жашка барып калган эжеке Замирден балалуу болууну каалап, ырчынын шайын кетирмек.

– Алло, саламатсызбы.
– Саламатчылык.
– Бул Замир болду бекен?
– Дал өзү угуп жатат.
– Жакшы болбодубу. Замир, мен сага Чолпон-Атадан чалып жатам. Менин жашоомдун акыркы үмүтү сен болуп калдың.
– Анчалык эмне болуп кетти? Тү­шү­нүктүү кылып айтсаңыз, тээ алыстан баштабай.
– Замир, мен өзүм жакында эле Дубайдан келдим. Жолдошум экөөбүз ошол жакта иштейбиз. Дүнүйөбүз түгөл. Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз. Болгону, балалуу боло албаган арманыбыз бар.
– Анысы жаман экен. Бирок менин эмне тиешем бар?
– Жолдошум экөөбүздүн кан резустарыбыз туура келбейт. Мындай учурда балалуу боло албайт экенбиз...
– А мен кандай жардам бере алам?
– Дубайдан келген күнү колума бир кыргызча гезит тийип калды. Барактап отурсам жолдошума куюп койгондой окшош адамдын сүрөтү турат. Жакшылап окуп чыксам сен экенсиң. Номуруңду тааныштарды салып жатып араң таптым. Мен ырчы-пырчы болгонуңа деле карабайм. Болгону, экөөбүз жолугуп...
– Анан?..
– Сөздүн ачыгы, күйөөмө окшош экенсиң, эптеп менин балалуу болушума жардам бер. Балам да кийин жолдошума эле окшош болуп, эч кандай шек болбойт.
– Омей, кызык адамсыз го?! Ушундай да болчу беле? Мен сизге азыр эле айтып коёюн, болбойт!
– Ай, бала, шагымды сындыр­бачы! Соопчулук иш кылып, үй­бү­лөмдү сактап калганга жардам бер. Анын үстүнө, жылдыздар гастролдоп жүргөндө капилет иштер көп эле болорун угуп жүрөм. Ошондойлордун бири катары кабыл алып кой, эгер сага түшүнүксүз болсо.
– Муну сизге кайсы келесоо айтып жүрөт? Мына сизге окшогондор бузат да ырчыларды. Налево, направо чакырып, “өлөм-тирилем” деп жатып.
– Ай, эмне деп жатасың?! Сенден мен соопчулук ишти суранып жатсам, эмне кызаңдайсың?
– Эже, барбайм деп жатам. Жинимди кашайтпагылачы!
– Замир, мени туура түшүнчү. Айланайын, менин акыркы үмү­түм­дү үзбөчү! Акча десең акча, үй десең үй берейин.
– Эже, мага сизден бир тыйын да кереги жок. «Байлык-сайлык» деп капкаяктагыны айтпаңыз!
– Койчу эми. Кааласаң Дубайга билет заказ кылайын! Макул десең ошол жактан...
– Мен сизге кыргызча айтып түшүндүрбөдүмбү. Дубайдан жакында эле келдим.
– Анда гастролдоп Чолпон-Атага бир жумага келип кетчи!
– Эй, башымды оорутпагылачы! Тынчымды алып экинчи чалбаңыз!
– Замир, мени түшүнчү. Каала­лаганыңды жасап берейин, менин үйбүлөмдү сактап калчы, кагылайын (эже бышактап ыйламыш болду)!
– Абалыңыз оор экен. Түшүнүп турам, бирок жардам бере албайм.
– Ай, мен сенин баары бир тын­чың­ды алып чала берем.
– Э, койчу... тү-үт, тү-үт (телефонду болгон жини менен коюп салды).
– Алло, кайра эле мен.
– Ии, эмне?!
– Замир, тарс эткендин баары тамаша. Сен “Супер-Инфонун” “Тамаша торуна” түштүң.
– Уфф. Кайдагы психопатка жолуктум деп эсим ооп отурса... Ушинтип да тамаша­лай­сы­ңарбы?! Мейли, тамаша эле болсунчу, антпесе кан басымым көтөрүлүп кете жаздады...

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
new_hacker
2016-06-08 17:41:11
ха ха кулгун койнок
0
new_hacker
2016-06-08 17:41:34
чындап эле жарашып калса керек
0
new_hacker
2016-06-08 17:44:59
эх эх Замир Замир деп
0
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан