БОТОКС – Бырыштардан арылтуучу каражат

“Сулуу эмес аял болбойт, өз сулуулугуна кам көрө албаган айымдар болот” дегендей, ар бирибиз алыбызга жараша сырткы келбетибизге кам көрүп келебиз. Учурда замандын талабына жараша сулуулук салондорунда түркүн кызматтар ачылып, сулуу болгусу келгендерди кызыктырууда. Бул жолу ботокс тууралуу сөз кылмакчыбыз.

БОТОКС КАЙСЫ УЧУРДА КОЛДОНУЛАТ?
Беттин бырышына каршы: Ар бирибиздин мимикаларыбызга, терибиздин сапатына жараша бетибизди бырыш басат. Беттин булчуңдары канчалык аз иштесе, бетти бырыш ошончолук аз каптайт. Мимикаларды иштете турган булчуңдарга ботокс сайылып, ошондон улам беттеги бырыштар жазылат. Беттин булчуңдарына бир жолу сайылган ботокс 7-9 айга чейин терини жылмакай кылып көрсөтөт. Андан кийин булчуңдар кайрадан мурдагы калыбына түшөт. Ошондуктан ботоксту бир гана жолу жасатып, бырыштан арылам десеңиз, жаңылышасыз. Процедура 3-5 гана мүнөттү талап кылат да, жыйынтыгы 5-7 күндөн кийин билинет. Дарыны саюу үчүн аябай ичке ийнелер колдонулгандыктан, чиркейдин чакканындай эле сезимге кабыласыз.
Бүгүнкү күндө дарынын бир бирдиги 120-150 сомго бааланат. Мисалы, эки каштын ортосундагы бырышты жазуу үчүн 100 долларга чейинки дары талап кылынат. Аны бырыштын санына карата косметолог аныктайт.
Терчилдикке каршы: Адамдын тер бездери канчалык активдүү иштесе, ошончолук көп тер бөлүнүп чыгары баарыбызга маалым. Бүгүнкү күндө ботокс колтуктун, тамандын, алакандын тердөөсүнө каршы да колдонулуп келет. Атайын ийне менен дары колтуктун, алакандын, тамандын керектүү булчуңдарына сайылган соң тер бездери убактылуу иштебей, адам мурдагыдай тердебей калат. Процедурага 10 мүнөт гана убакыт сарпталат. Тер бездерине сайылган ботокс сизди түбөлүккө терчилдиктен арылтат деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок терчилдиктен 7-16 айга чейин арылууңуз мүмкүн.
Ботокс медицина тармагынын неврология бөлүмүндө, баш оорунун жеңил түрлөрүндө, муун ооруларында да кеңири колдонулат.

ПАЙДАСЫ
Ботокс өзгөчө эки каштын ортосундагы, көздүн алдындагы, ууртуңуздагы бырыштарды жакшы кетирет. Мында хирургдун кийлигишүүсүнүн кажети жок.
Операция жасаткандан көрө ботокстун жардамы менен бырыштардан арылуу алда канча жеңил жана коопсуз.
Көп убакыт талап кылбайт.

ЗЫЯНЫ
Ботокс бардык эле адамдарга жага бербейт. Айрымдарга аллергия жаратышы толук мүмкүн. Ошондуктан косметологдон кеңеш алуу зарыл.
Ийне сайылган жер кыймылдабай, жансыз болуп, мимикаларды билдирүүгө болбойт. Мисалы, кабагыңды түйө албайсың дегендей.

БОТОКС ЖАСАТУУДА ЭСКЕ АЛЫНУУЧУ ЖАГДАЙЛАР
Ботокс 18 жашка чейинкилерге жана 65 жаштан өткөндөргө таасир бербейт.
Ийне сайдыргандан кийин 5-6 саатка чейин оор жумуштарды жасаганга, жадакалса эңкейип бут кийимдин боосун байлоого да болбойт. Мүмкүн болушунча вертикалдык абалда жүрүү керек. Ошондой эле ал жерди кармалап, массаж жасаганга жана мончого түшүүгө болбойт.
Ботокс жасаганга чейин 3 күн, андан кийин жок дегенде 7-10 күнгө чейин ичимдик ичпеш керек.
Бөйрөк, өпкө, боор оорулары менен жабыркагандар дарыгердин кеңеши менен гана бул кадамга баргандары туура. Мындан сырткары учурда антибиотиктерди колдонуп жүргөндөргө да ботокс жасатууга болбойт.
Кош бойлуу, бала эмизген жана этек кири келип жаткан айымдарга да бул каражатты колдонуу сунушталбайт.

БОТОКС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Өткөн кылымдарда колбаса жеген адамдар ууланып, ботулизм оорусуна чалдыгышкан. Микробиологдор колбасаны изилдеп отуруп, андан ботулизм оорусун козгоочу клостридиум ботулинум бактерияларын таап чыгышат. Табылган бактерияларды кылдат изилдөө учурунда адистер аны адамдын иммунитетин күчтөндүрүүчү каражат катары пайдаланса болорун түшүнүшөт. Анан бактериядагы ууну алып салып, иш жүзүндө колдонууга өтүшөт. Мына ушундан кийин "ботокс" деген түшүнүк элдин аң-сезимин аралаган.
Ботоксту косметикалык каражат катары 1990-жылдары колдонууга өтүшөт. Адистер алгач ботоксту текшерүү максатында маймылга, андан кийин өздөрүнө колдонуп көрүп, жакшы жыйынтык берерине көздөрү жеткенден кийин кызматын элге сунушташкан. Ботокстун мекени болуп Америка эсептелинет. Бул дарынын дагы бир аты "диспорт" деп аталат. Экөөнүн айырмасы – ботоксту америкалык, диспортту франциялык компания чыгарганында. Дагы бир айырмачылыгы – ботокстун бир флаконунда 100 бирдик болсо, диспорттукунда 500 бирдик бар. Демек, көлөмү жагынан диспорт чоңураак болгону болбосо, сапаты жагынан экөө бирдей. Учурда ботокс кеңири тарап, 50дөн ашык мамлекет анын косметикалык, медициналык пайдасын көрүп келишет. Ал эми Кыргызстанда ботокс 2004-жылдан бери кеңири пайдаланылып келе жатат.
Макаланы даярдоого жардам берген "Сулуулук жана ден соолук" бейтапканасынын дарыгер-косметологу Айнура Бейшеналиевага ыраазычылык билдиребиз.

«Супердин» сурак бурчу
СУЛУУЛУК ҮЧҮН КАНДАЙ КУРМАНДЫКТАРГА БАРДЫҢЫЗ ЭЛЕ?

Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти:
– Жаш кезде диета кармап, ашыкча салмак кошпоого аракет кылчумун. Азыр табигый жолдор менен сулуулугума кам көрөм. Учурда пластикалык операция, ийне саюу жолдору менен жашарышууда. Мындайга мен каршымын.

Асылбек Өзүбеков, КРнын Эмгек сиңирген артисти: – Бетиме кенедей нерсе да сүйкөбөйм, косметологго да барып көрбөптүрмүн. Косметологдун кызматынан пайдаланып, жүзүн, мурдун жана башка дене мүчөлөрүн өзгөрткөндөр толтура. Эми ар ким өз түшүнүгүнө жараша иш кыла берет да.

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти:
– Cулуулугум үчүн акчамды аябай, кымбат баалуу косметикалык каражаттарды колдонуп келем. Азырынча өзүмдү жаш сезем. Эгер келечекте сулуулук үчүн муктаждык жаралса, курмандыкка бармакмын. Дайыма сулуу болуп жүргөнгө эмне жетсин?

Айбек Карымов, ырчы:– Ой, мен Кудай берген өң-түс менен эле жүрөм. Азыр дене мүчөсүн өзгөртүп, түрдүү пластикалык операция жасаткандарга терс көз караштамын. Бул нерсе шариатка туура келбейт. Кудай кандай жаратса, анын алдына ошол бойдон баруубуз керек.

Чолпон Султанбекова, ЖКнын депутаты:
– Адам таза, тыкан, сулуу болсо, тегерегиңдегилердин маанайы да көтөрүңкү болот го дейм. Мисалы, мен сулуулук салондоруна барып, косметологдун кызматынан пайдаланып турам. Мезотерапия алам дегендей.

Чынар Капарова, диктор:– Азырынча курмандыкка бара элекмин. Эгер келечекте муктаждык болсо барам го... Кээде жасалма сулуулукка жагдайларга жараша барышат. Мисалы, жол кырсыгына кабылып, анын айынан пластикалык операция жасоого туура келсе.

Айжан Газиева, ырчы:
– Мен деле бетиме ар кандай маскаларды жасап турам. Сапаттуу косметикаларды пайдаланам. Жасалма сулуулук каражаттарынан да колдонгом. Мисалы, кайсы бир жылы чачымды жасалма жол менен узарткам.

Дамира Арстанова
Бегайым Тажибай кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
kani95
2012-10-08 12:34:18
ГУЛНУР САТЫЛГАНОВА эже с макияжом и без макияжа сулуууууууууу, ааааааааааааааабажаю вас
-1
nazi25
2012-10-08 17:29:47
Кабагынды туйо албагынын кызык экен.
0
Mirko.93
2012-10-08 21:24:59
Бул дуйнодо адамдан сулуу нерсе жок, Ошол косметикаларынардын азабын каарыганда тартасынар го,
0
saya4ka
2012-10-09 15:51:01
обу менен колдонсо жакшы эле. Бирок, аша чаап кетиштен абайлаш керек. Жасалма сулуулук болгондо, ал болгон сулуулукка кошумчалоо деген гана нерсе да. Жок нерсени баары бир кандай кылсан да пайда кыла албайсын. Мисалы, жузундо нурун жок болсо, канча ботокс кылдырсан деле сулуу боло албайсын.
0
Датка кыз
2012-10-09 17:13:39
Терчил адамдарга аябай жакшы кенеш экен. Жайкы сезонго ылайыктуу, озгочо колдун тубуно.
0
aisel
2012-10-09 17:19:24
Сулуу болууга не жетсин?
А табигаттан сулуу болгонго эч нерсе жетпейт экенин билебиз да,жасалма дегендин озуле айтып турбайбы?!
0
mederinchik
2012-10-12 09:56:46
сулуу эмес аял жок озуно кам корбогондор коп ар дайым сулуу болуп журууго не жетсин!жеке мен сулуу нур чачып турган адамдарды коруп кудундап алам сыйлайм
0
Kroxa
2012-10-12 12:41:12
бетинде бырыш болбосо жакшы 40тан ашып пайда боло баштаса мейли..
0
SatiNur
2012-10-14 11:59:44
жашын отуздан отуп бетине бырыш тушуп баштаса колдонсон неге болбосун куйоондун жанында жаш корунуп турган жакшы да
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан