30-сентябрда Талас облусунун тургундары элдик жыйынга чогулушту. Сөз башында эле алар 7-апрель окуясы боюнча соттун эки жылдан бери создуктурулуп келе жатканын, качан аягына чыгары да белгисиз экенин айтышты. “Кан менен ойнобогула! Өткөндүн катачылыгын кайталап, элдин сабырын сынабагыла. 7-апрель сотуна чекит коюп, күнөөлүүлөрдү жазалагыла. Биз күтүүдөн тажадык”,- дешти алар.
Ошондой эле Таластын жашоочулары “Ата Мекен” партиясынын депутаттарын далилсиз айыптоолорду, "алардын бакиевдик мүлктү талап-тоноого катыштыгы бар" деп айыптаган кылмышкерлердин сөздөрүнүн телеканалдардан көрсөтүлүшүнө нааразы болушту. Андыктан “ата мекенчилерге” тагылган айыптарды тез арада иликтеп, жыйынтыгын элге ачык жарыялоону талап кылышты.