Кадамжай районунда болгон кылмыштар кадимки боевик кинолорду элестетет. Жакында эле "ЭкоИсламикБанктагы" адам өлүмү коомчулукту бир дүрбөлөңгө салса, 20-сентябрда 14 жашар кыздын төрөшү өзгөчө талкуу жаратты.
Кадамжай аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Роза Пакырованын айтымында, 19-сентябрь күнү жашы жете элек кош бойлуу кыз төрөт бөлүмүнө кайрылган. Төрөт үйүнүн кызматкерлери Кадамжай РИИБине кабарлап, жаш эненин 1998-жылы туулган кыз экендиги аныкталган. 14 жаштагы кыз 20-сентябрда төрөп, наристеси чарчап калган. Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБи тергөө иштерин жүргүзүп жатат.