16-кылымдагы Осмон империясы тууралуу тартылган түрктөрдүн "Даңазалуу кылым" аттуу сериалын сүйүп көргөндөр көп. Бирок Түркияда бул сериал жарыкка чыккандан бери "чындыкка дал келбейт, тарыхый инсандар мазакталып жатат" деген талкуулар, талаш-тартыштар бүтпөй келет.
"АЛ ЗАМАНДА ООЗДОН ӨБҮҮ БОЛГОН ЭМЕС"
"Даңазалуу кылым" сериалынын трейлери жарыкка чыкканда эле тарых менен салыштырып, тарыхчылар, көрүүчүлөр тасманын каталарын таба башташкан.
Осмон империясынын тарыхын изилдеген окумуштуу, жазуучу Явуз Бахадыроглу мындай дейт: "Даңазалуу Сулайман падышанын заманында хандын көзүнчө бийлөө уят көрүнүш эле. Тасмадагыдай болуп гарем чогулуштарында кандайдыр бир кыймылдар менен падышаны бийге чакырып, көз кысмак турсун, анын көзүнүн өңүн көргөндөр аз болгон. Ал учурда баш көтөрүп падышанын жүзүн кароо адепсиздикти билдирчү. Тасмада айымдар да, эркектер да жылаңбаш жүрүшөт. Бул туура эмес. Анткени Осмон империясында башына эч нерсе кийбөө жылаңач жүргөндөй эле кабыл алынган. Жадакалса падыша да башын ача алган эмес. Керек болсо тебетей кийип укташчу. Төшөк мамилелеринин ачык берилиши туура эмес. Даңазалуу Сулайман жубайы Хүрремди (Роксолана) эрдинен өпкөн кадрлар кездешет. Ал заманда ооздон эмес, бетинен гана өбүшкөн. Бул империянын салты катары каралган.
Сериалда Сулайман султан Хүрремди бир көз караш менен сүйүп калган жери бар. Бирок Хүррем тарыхта бир көрүп жактырып калчу сулуу айым болгон эмес".
ХҮРРЕМДИ МАЙМЫЛГА ОКШОШТУРУШКАН
Чыныгы жашоодо Роксолананын мурду теңирейип тургандыктан, мурду теңирейген маймылдардын түрү ушул айымдын атынан "рокселланов ринопитек" деп аталып калган. Роксолананын өз аты Александра же Анастасия Гавриловна Лисовская. Гаремде жашап калганда ал Хүррем деген атка ээ болот. "Хүррем" деген сөз – "күлүп турган" дегенди түшүндүрөт. Ал эми Роксолана деген аты "роксолания" деген сөздөн улам келип чыккан. Роксолания – 16-кылымдагы Украинанын аталышы. Хүррем украиналык болгон.
БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ ДА ТАЛКУУГА АЛЫНУУДА
Греция, Германия, Босния жана Герцеговина, Орусия, Болгария жана башка өлкөлөрдө тасмага нааразылыктар арбын. Алар "тасмада чыныгы тарых бурмаланып жатат. Бул элдин ким экендигин унутууга үндөгөн чыгарма" деп айыптап, кээ бир өлкөлөр теледен көрсөтүүдөн баш тартышкан. Тасмадагы көп нерсе ошол кездеги сарай жашоосуна коошпой турганын да айтышат.
"Кийимдери башкача. 16-кылымда эмес, 19-кылымда да Осмон империясынын аялдары тасмадагыдай кийинишкен эмес. Гаремдеги аялдардын төшү ачык костюмдарды кийиши таң калычтуу. Андай болушу мүмкүн эмес. Сулайман султан болсо аялынын "куурчагы" катары көрсөтүлүп калган.
Аялдардын сарай иштерине таасир берүүсү – фантастика. Анан да султандын ичимдик ичип жатканын көрсөтүү анын даңкын кирдетип жатат" деп билдиришет тасманын чет жактагы көрүүчүлөрү жана тарыхчы, изилдөөчүлөр.
"БОМБА ЖАРДЫРАБЫЗ"
Тасманын жаратуучулары Голливуд жылдыздары менен да сүйлөшүүлөргө барып, тасмада роль жаратып берүүсү үчүн аракет кылышууда. Кийинки сезондордо тасмадан жалаң гана түрк актёрлору эмес, Бред Питт же Мел Гибсон сыяктуу жылдыздардын жүзүн көрүп калышыбыз мүмкүн экен. Дал ушул кабар тууралуу журналисттердин берген суроосуна тасманы жаратуучулардын бири "бул сериал башка өлкөлөрдө да кызыгуу менен көрүлүп жатат. Ал баарыбызга маалым. Ошондуктан анын атактуулугун мындан да ашырып, "бомба жардырып" жиберели деп камынып турабыз. Актёрлордун катарына дүйнөгө таанымал жылдыздарды кошуу планыбыз бар. Ал Бред Питт болобу же башкабы, азыр так айта албайм" деп билдирген. Байкап туралы, кийинки сезондо, балким, чын эле "бомба жарылар"...
Перизат Музуратбекова
star@super.kg