АТАКТУУЛАР АЛГАЧ КИМ БОЛУП ИШТЕШКЕН?

“Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деген жакшы сөз бар. Ийгиликке жетиш үчүн адам ар кандай кыйынчылыктарды басып өтөт эмеспи. "Кыргызстанда, деги эле аттуу-баштуу саясатчылар алгач эмне иш менен алектенишкен?" деген суроого жооп издеп көрдүк.

  • Депутаттардын катарын толуктаган “ар-намысчы” Анарбек Калматов азыркы Аксы районуна караштуу Ульянов атындагы колхоздо эмгектенген.
  • Колхоздо иштегендердин катарын "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов да толуктайт. Ал алгачкы эмгек жолун "Ленинизм" колхозунун жумушчусу болуп баштаган.
  • ЖКнын депутаты Марат Султанов "студенттик күндөрүмдө темир жол куруучу болуп иштегем" деп бизге куруп берген маектердин биринде жооп берген болчу.
  • Вице-премьер-министр Камила Талиева: "Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде лаборант болуп эмгек жолумду баштайм",- деди.
  • Өзбекстандын президенти Ислам Каримов алгач "Ташсельмаш" заводунда мастердин жардамчысы болуп иштеген.
  • Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Садыр Жапаров студент кезинде СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштегенин айтып берди.
  • Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мектепти аяктаганда дарбыз эгип, дыйканчылык кылган.
  • Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев өзүнүн резюмесине “алгачкы кызмат ордум – борбордук универмагда катардагы кызматкер” деп көрсөтөт.
  • Учурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев биринчи Алай райондук Жол куруу башкармалыгында мастер болуп иштеген.

Айдай Асанбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Nevajno
2012-10-08 12:58:55
оо Талиева Камила эжей менин эн суйуктуу мугалимим болгон!
0
Taalaibek.
2012-10-08 16:55:07
Ташиев пол жугуч атаман бойдон эле калыптыр.
0
tatakozy
2012-10-08 18:55:59
Мээнет менен акча таап журуп ушу денгээлге жеткендер все молодцы.
0
nadyrbek
2012-10-08 19:45:48
Мурдагы колхозчулар азыркы ак уйдогу колхозчулардан 75пайыз акылдуу болушкан .
0
Kunnur
2012-10-08 20:46:00
Ар бир инсан Аллахтын суйгон пендеси болот. Пол жуйбу башка нерсе кыламбы кыскасы ушунчалык денгелге жетип атышат.ким эле биринчи креслого отуруп калыптыр.озунордун башынардагы чопту корбой биронун башындагы чопту коросунор.
0
tokioo
2012-10-08 22:28:27
mmm.. Da кочо шыпырсамбы?
0
nurzat
2012-10-09 02:18:01
pol juugu4targa brigadir bolso kerek da
0
fanat.kg
2012-10-12 14:45:27
nurzat, туура айтасын :)
0
merim
2012-10-09 03:48:34
Е Силердин десе, аябай шайтаным кармап кулуп алдым!КОЙчу кантип эле Д МЕдведев кочо шыпыргыч болуп 120р иштесин, ишенбейм!!ТАшиев пол жуугучтардын башчысы болуп иштеген дейби??
0
nurelia
2012-10-09 09:19:53
Medvedev studet maalynda , okuusu menen kosho
0
AFRODITA-89
2012-10-09 11:15:03
кызык экен...
0
mahabat.
2012-10-10 20:10:19
бадыева менен курсан асанов коллегалардан экен да.курсан дарбыз эксе.бадыева сатып.
0
admin_AGAT
2012-10-12 09:40:44
uty - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Joke82
2012-10-12 21:47:47
мен да Москва шаарында кочо шыпырып иштегем кудайга шугур азыр баары жакшы мээнет менен тапкан акча ширин болот
0
kyrgyzajym
2012-10-13 16:21:55
"Adal Emgek,Ak Meenet,Ak Niet,Kara Ter menen ishtesen-Tishtejsin"-degen ushul da.Kudajym berip jatat da.
Azamattar :)
0
kyrgyzajym
2012-10-13 16:23:02
"Ja i den6gi" degen kitepte da ushundaj ele okuja,okurmandar,oshol kitepti alyp okup korsonor,-dep sovet beret elem.:)
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан